Бугу 20, 2024
Убакыт: 21:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ысык-Көл облусунун башчысы Тенгиз Бөлтүрүк менен алдыдагы пландарды талкуулады

04.02.2022 10:55
1135
Ысык-Көл облусунун башчысы Тенгиз Бөлтүрүк менен алдыдагы пландарды талкуулады



3-февраль күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, биринчи орун басары Уланбек Далиев Кумтөр ишканасынын тыштан башкаруучу директору Тенгиз Бөлтүрүк менен жолукту. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушууда облус жетекчилиги менен ишкананын башчысы Ысык-Көл облусунда Кумтөр ишканасы аткарып жаткан иштери жана алдыда жасала турчу жумуштар боюнча сүйлөшүүлөр болду.


Облус жетекчиси Мирбек Кожоев Кумтөр ишканасынын тыштан башкаруучу директору Тенгиз Бөлтүрүктү Ысык-Көл облусунун социалдык, экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ардак грамотасы менен сыйлады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн