Ысык-Көл облусунун айылдарындагы ички көчөлөр жана көл жээкке барчу жолдор асфальтталууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.
Алсак, Тамчы айылында 5 ички көчөгө асфальт төшөө иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Тактап айтканда, Акеева, Исабеков, Чынгышбаев жана Жайлоокеев көчөлөрүнө асфальт төшөлдү.
Мындан тышкары, Сары-Ой айылында да асфальт төшөө иштери аяктап, жол каттамы жакшыртылды.
Учурда Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автоунаа жолунда жайгашкан Бар-Булак – Жылуу-Суу багытындагы 4 чакырым жолдо жер жумуштары жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн