Бугу 04, 2025
Убакыт: 06:05
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Ысык-Көлдө коронавирус менен ооругандардын саны көбөйдү

03.08.2020 11:55
970
Ысык-Көлдө коронавирус менен ооругандардын саны көбөйдү


Ысык-Көл облусунда өткөн жумада коронавирус менен ооруган адамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 3-августагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, мындай кырдаал акыркы убакта Ысык-Көл облусуна каттаган адамдардын саны көп болгондугуна байланыштуу. 


"Эгерде 27-июлга карата коронавирустун 4 учуру катталса, 30-июлда 13 учур катталган. Ал эми 1-августка карата коронавирус менен ооруган адамдардын саны 15ке жетсе, 2-агустта 29 жаңы учур аныкталган. Ооруган адамдардын санынын өсүү динамикасы  июль айынын башында байкалган, акыркы бир жуманын ичинде кыйла көбөйдү.


Буга байланыштуу Ысык-Көл облусунун жарандарынан жана эс алууга келген жарандардан облустар аралык жолдо жүрүүнү чектөөнү өтүнөт элек. Оору көбөйүп кеткен учурда саламаттыкты сактоо уюмдарына жана медицинлык кызматкерлерге оор болот" ", - деди Акматова.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн