Теке 03, 2025
Убакыт: 16:17
USD
87.30
87.80
EUR
102.70
103.70
RUB
1.105
1.135

Ысык-Көлдө "Колумб" пансионаты 2,3 га жери менен мамлекетке кайтарылды

03.07.2025 11:47
14
Ысык-Көлдө "Колумб" пансионаты 2,3 га жери менен мамлекетке кайтарылды


Ысык-Көлдөгү "Ак-Тилек" мамлекеттик ишканасынын мыйзамсыз менчиктештирилген дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемесинин бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан "Ак-Тилек" мамлекеттик ишканасынын жалпы аянты 8 гектарга жакын жер тилкеси менен курулушу бүтпөгөн дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемесинин имаратын жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталды.


Белгилүү болгондой, 1998-жылы "Кыргызтемир" ААКтын жооптуу адамдары алдын ала макулдашуу менен аталган объектини жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан. Тактап айтканда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен мыйзамсыз алып-сатуу келишими түзүлүп, бүтпөй калган имарат жана ага тиешлүү болгон жер тилкелери мамлекеттин менчигинен чыгарылган.


Кийинчерээк 2,3 га аянтка "Колумб" пансионаты курулуп, жердин калган бөлүгү жеке менчикке сатылып кеткен.


УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында "Колумб" пансионатынын менчик ээси аталган пансионат жайгашкан жерлерге иш жүзүндө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын таанып, аны ыктыярдуу жана акысыз негизде 2,3 га аянтты түзгөн жанаша аймагы менен бирге КР министрлер кабинетине караштуу "Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин" балансына өткөрүп берди.


Учурда УКМК тарабынан жалпы аянты 5 гектардан ашык аймактын калган бөлүгүн кайтарып алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн