Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 21-22-23-июль күндөрү Кыргызстанга Монголиянын президенти мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө. Бул сапардын алкагында Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жол кыймылына мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.
Башкармалык жарандардан мамлекеттик маанидеги бул иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн аймактардагы жол жээктерине унаа токтотпоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпоону жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жардам берүүнү, кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоону суранат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн