Баш оона 24, 2025
Убакыт: 14:49
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

ӨКМ: Ысык-Көл облусунда сел жүрдү

14.07.2022 09:32
623
ӨКМ: Ысык-Көл облусунда сел жүрдү


Кечээ, 13-июлда Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен чогулган сел каналдарга батпай, турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, жерине Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, мотопомпа жана башка атайын шаймандар менен сууларды сордуруп тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Челпек айыл өкмөтүнөн 1 даана МТЗ-82 экскаватору тартылып, каналдардын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн