Теке 05, 2025
Убакыт: 07:03
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

ӨКМ: Кумшекер 70 сомдон, өсүмдүк майы 130 сомдон сатылат

15.03.2022 10:44
1036
ӨКМ: Кумшекер 70 сомдон, өсүмдүк майы 130 сомдон сатылат

Кыргызстанда азык-түлүк боюнча туура эмес маалыматтар тароодо. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.


Анын айтымында, 24-февралдан баштап Россия жана Украинадагы окуялардын улам Кыргызстанда бир катар имиштер пайда болууда.


“Дүкөндөрдө азык-түлүктүн көлөмүнүн азайышы жана баасынын жогорулашы байкалууда. Президенттин тапшырмасы, Акылбек Жапаровдун көзөмөлүндө 1 млн кг кумшекерди өлкөнүн соода түйүндөрүнө таркатып жатабыз. Кумшекердин сатылышы 1 кг 70 сомдон болот. Мындан сырткары, өсүмдүк майдын тартылышы болот деген дагы сөздөр тараган. Азыр 500 миң литр өсүмдүк майын дагы соода уюмдарына жеткирүүдөбүз. Анын 1 литри 130 сомдон сатылат”, - дейт министр.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн