Аяк оона 18, 2024
Убакыт: 09:35
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

КР СӨПтүн Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин мыйзамсыз иштери аныкталды

17.11.2023 10:07
559
КР СӨПтүн Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин мыйзамсыз иштери аныкталды


КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин мыйзамсыз иштери аныкталды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. 

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Б.Э.Ю. жана П.К. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуу менен ар кандай экспорттолуучу товарларга товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды беришип, кээ бир жеке чарба жүргүзүүчү субъекттерге салыктык базаны төмөндөтүп көрсөтүүнү документтештирүү үчүн шарттарды түзүп беришкен.

Тактап айтканда, көмүрдү экспорттоо менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъектилер акчалай сыйлык үчүн, жасалма документтердин (эсеп-фактуралар, тапшырык кагаздары жана келишимдер ж.б.) негизинде жогоруда аталган Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүнөн 1 кг үчүн 1-1,5 сомду түзгөн көмүрдүн БСШ сорту деп жасалган товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды алышкан, ал эми иш жүзүндө базар баасы 1 кг үчүн 10-12 сом болгон көмүрдүн БК маркасы экспорттолуп турган.

Мындан тышкары, Б.Э.Ю. жана П.К. тарабынан Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрү көрсөткөн кызматтардын негизинде салык органдарына кассалык түшүүлөр боюнча финансылык отчеттуулукту берүүдө иш жүзүндөгү кирешелер системалуу түрдө кем бааланып келген, анын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрү өлкөнүн бюджетине түшкөн эмес.

Мындан тышкары, импорттук жана экспорттук товарлардын шайкештик сертификаттарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр негизинен П.К.нын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн, ал жерде ал уюштуруучу же директор болгон (ЖЧК: Сертификат Класс, Сертификат плюс, Сертификат Транс, Южный Техосмотр Плюс, Южный Испытательный Центр, Калибровка Плюс, Южный Техосмотр, Эксперт Текст Плюс, Сертификат Экспресс, Стандарт Гарант).

Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында. П.К.нын үйүндө, ошондой эле ага караштуу фирмалар жайгашкан үч даректе тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ишке тиешелүү документалдык материалдар, акча каражаттары: 28 миң АКШ доллары, 1 миллион 997 миң сом жана 99 миң рубль, печаттар, кыймылсыз мүлккө документтер ж.б. табылып алынды.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн