Теке 15, 2025
Убакыт: 21:49
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

КРСУда бюджеттик негизде мыйзамсыз окуган 12 студент окуудан чыгарылды

15.07.2025 15:35
27
КРСУда бюджеттик негизде мыйзамсыз окуган 12 студент окуудан чыгарылды


Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетиндеги 12 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алагында аталган университетте студенттерди бюджеттик окууга мыйзамсыз кабыл алуу фактысы аныкталган.


Тактап айтканда, университетке 2024-2025-окуу жылына кабыл алуу учурунда айрым студенттер сертификаты жок, ЖРТнын төмөнкү босого упайлары менен кабыл алынган.


Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мекемелер аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде бюджеттик формада окуган 12 студент чыгарылды.


Учурда университеттин жетекчилиги менен тыгыз кызматташтыкта аталган мыйзамсыз ишке тиешеси бар кызмат адамдары жана башка адамдар аныкталууда.


УКМК билим берүү системасында коррупциялык аракеттерге баргандар, ага катышкандар статусуна жана социалдык абалына карабастан КР мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертет.


Белгиленгендей, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын талаптарына жана министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген КР жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына окууга кабыл алуунун тартибине ылайык, жогорку билим берүү уюмдарына, кесиптик окуу жайларына кабыл алуу тартиби милдеттүү түрдө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн