Баш оона 05, 2025
Убакыт: 19:39
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Камчаткада 600 жыл тынч жаткан вулкан атылды

05.08.2025 17:35
8
Камчаткада 600 жыл тынч жаткан вулкан атылды


Камчаткада соңку 600 жыл ичинде тынч жаткан Крашенинников вулканы күтүүсүздөн ойгонуп, атылып баштады. Бул тууралуу Рамблер агенттиги жазды.


Маалыматта белгиленгендей, учурда ал кратеринен жогору карай 6 чакырымга чейин күл жана газ чачыратып жатат. Бул анын өз бийиктигинен үч эсе көп дегенди билдирет.


Камчаткадагы вулкандар боюнча жооптуу адис Ольга Гиринанын айтуусу боюнча Крашенинниковдун акыркы активдүүлүгү 13–14-кылымдарга туура келет.


Учурда вулкан үстүндө аба каттамдары үчүн "кызгылт сары" кооптуу деңгээли жарыяланып, учак компанияларына эскертүү берилди. Адистер кырдаалды кылдат көзөмөлдөп жатышат.


30-июлда аймакта болгон 8,7 баллдык жер титирөөдөн кийин бир нече вулкан козголуп, Тынч океандын жээгинде жайгашкан айрым өлкөлөрдө цунами коркунучу жаралган.


Камчатка тилкесинде жалпысынан 29 активдүү вулкан бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн