Кулжа 24, 2025
Убакыт: 13:42
USD
87.20
87.70
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы стадиондун курулушу менен таанышты

24.06.2025 10:07
22
Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы стадиондун курулушу менен таанышты


Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Баткен шаарындагы 10 миң кишилик стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.


Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер, подрядчыга жана тийиштүү кызмат адамдарына жеринде тапшырмалар берилди.


Камчыбек Ташиев курулуш иштеринин жүрүшү жай болуп жатканын сынга алып, иштерди тездетүүнү талап кылды.


Эскерте кетсек, Баткен облусун өнүктүрүүгө жана инфратүзүмун жакшыртууга мамлекеттен 10 млрд сом бөлүнгөн. Анын 1 млрд сому стадиондун курулушуна каралган.


Стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 10 гектарды түзөт.


Стадионго караштуу аймак футбол аренасынан сырткары 3 машыгуу оюн талааларын жана 4 кичи футбол аянтчаларын камтып, алардын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр болот. Ал эми стадиондун өзү жана бир футбол аянтча жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта кабыл алууга шарт түзүлөт.


Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулат.


Ошондой эле футболдук борбордо 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.


Мындай футболдук ири инфратүзүм Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Баткен аймагында алгачкы жолу ишке ашууда.


Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө мыкты шарт түзүлөт.


Бул аракеттер КР президентинин "2024 2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында ишке ашууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн