Жетинин айы 13, 2025
Убакыт: 12:51
USD
87.30
87.80
EUR
100.90
101.90
RUB
1.075
1.105

Кант диабетин кантип алдын алууга болот?

13.11.2025 10:54
24
Кант диабетин кантип алдын алууга болот?


Кыргызстандын Диабет жана эндокринологдор ассоциациясынын вице-президенти, КММАнын профессору Роза Султаналиева белгилегендей, Кыргызстанда да, дүйнө жүзүндөй эле кант диабети менен ооругандардын саны өсүүдө.


Бирок анын айтымында, эгерде адам өзүнүн канындагы канттын деңгээлин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, ден соолукка пайдалуу жашоо образын карманса бул оорунун өнүгүшүн токтотууга жана алдын алууга мүмкүн.


Профессордун айтымында, диабетти аныктоо критерийлери дүйнө жүзүндө бирдей — веналык кан плазмасындагы глюкозанын деңгээлин аныктоо жетиштүү. Азыр өлкөдөгү бардык стационарлар жана медициналык мекемелер бул үчүн зарыл жабдуулар менен камсыздалган.


«Экинчи түрдөгү диабет, тилекке каршы, көпкө чейин билинбей жүрө берет, анткени кант оорутпайт. Глюкоза 7, 8 же 9 болсо да адам өзүн жакшы сезиши мүмкүн. Бирок убакыт өтүшү менен бул көрсөткүчтөр организмде өзгөрүүлөргө алып келет. Көпчүлүк бейтаптар инсульт, кан басымдын жогорулашы, айыкпаган жаралар сыяктуу татаалдашуулар менен кайрылышат. Ошондуктан экинчи типтеги диабет көп учурда кеч аныкталат», — деди ал.


Султаналиеванын айтымында, тобокелдик факторлору бар ар бир адам жылына жок дегенде бир жолу анализ тапшырып, текшерилип турушу керек. Мындай адамдарга ашыкча салмактагы, кан басымы жогору, холестерин деңгээли көтөрүлгөн, ошондой эле төрөт учурунда 4 килограммдан ашык салмактагы бала төрөгөн аялдар кирет.


«Бул адамдарга диабет коркунучу тууралуу маалымат берип, текшерүүдөн өтүүгө түрткү берүү зарыл. Тобокелдик факторлору канчалык көп болсо, диабетке чалдыгуу ыктымалдыгы ошончолук жогору болот. Ошондуктан үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, кан плазмасындагы глюкозанын деңгээлин текшерүү маанилүү. Зарыл учурда 75 грамм глюкоза менен тест жүргүзүлөт, бул организмдин реакциясын баалоого жардам берет», — деди профессор.

Дарылоо жөнүндө сөз кылып жатып,


Султаналиева биринчи түрдөгү диабет сейрек кездешерин бардык учурлардын 10 пайызын гана түзөрүн, ал болсо өмүр бою инсулин терапиясын талап кыларын белгиледи.


«Мамлекет диабет менен ооруган жарандарды инсулин менен акысыз камсыздайт, бул жаш курагына же социалдык абалына карабастан бардык бейтаптарга тиешелүү. Ал эми 29 жашка чейинки балдар жана жаштар үчүн заманбап инсулин аналогдору берилет, алар организм тарабынан жакшыраак кабыл алынат», — деп айтты ал.


Дарыгердин айтымында, экинчи типтеги диабет боюнча дары каражаттарынын түрү көп. Бирок мамлекет бардык бейтаптарды толук камсыздай албайт. Негизги дары — метформин арзандатуу менен берилет, калган дарыларды бейтаптар өз алдынча сатып алышат.


«Эң башкысы — жашоо образын өзгөртүү: көбүрөөк кыймылдап, күнүнө 5–10 миң кадам басуу, туура тамактануу жана зыян азыктарды чектөө. Диабеттин алдын алуу анын дарылоосуна караганда кыйла арзан», — деп белгиледи Султаналиева.


Профессор кошумчалагандай, акыркы 24 жыл ичинде Кыргызстанда диабет менен ооругандардын саны 4,5 эсеге өскөн, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору.


«Мунун себеби жашоо образында болушу мүмкүн, же болбосо биз ооруну мурдагыга караганда жакшыраак аныктай баштадык», — деп жыйынтыктады Роза Султаналиева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн