Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Көлдө 20 эчки уурдаган кылмыштуу топ кармалды

28.09.2020 15:02
1165
Кара-Көлдө 20 эчки уурдаган кылмыштуу топ кармалды


Кара-Көл шаарында майда мүйүздүү мал жандыгын уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ушул жылдын 23-24-сентябрь күндөрү Кара-Кѳл ШИИБге шаар тургундары К.З., К.А., А.К., М.Г. аттуу жарандар арыз менен кайрылышкан. Алар 14-сентябрдан 22-сентябрга чейинки аралыкта түнкү убакыттарда үйлөрүнүн короолорунан белгисиз кылмышкерлер майда мүйүздүү мал жандыгын (эчкилерди) уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жалпы 20 эчки уурдалып, келтирилген чыгым 150 миң сомго жакын сумманы түзгөн.


Жогорудагы фактылар Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Аталган кылмыштардын бетин ачуу максатында Кара-Көл ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 25-сентябрь күнү Кара-Көл шаарынын тургундары 1997-жылы туулган Т.М., 2001-жылы туулган А.Б., 2004-жылы туулган Ж.Н. жана А.З. кармалган. Кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары А.Б. 1 айга камакка алынса, ал эми калгандары үй камагына чыгарылган.


Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн