Баш оона 24, 2025
Убакыт: 10:49
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Караколдогу "Актилек +" базарынан өрт чыкты

02.07.2022 11:55
634
Караколдогу "Актилек +" базарынан өрт чыкты


Каракол шаарындагы "Актилек +" базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 2-июль күнү саат 07:10 чамасында базарда контейнер күйүп жатканы тууралуу 101 кызматына кабарланган. Кырсык катталган жерге Каракол шаардык №15 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 бригада тартылды.


Өрт саат 7:55те чектөөгө алынып, азыркы учурда жеринде өчүрүү иштери жүрүүдө. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ал эми контейнердин ичинде кийим-кече товарлары болгон.


Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн