Кулжа 11, 2025
Убакыт: 15:05
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.110
1.135

Касымалиев Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар объектилердин иши менен таанышты

10.06.2025 15:50
39
Касымалиев Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар объектилердин иши менен таанышты


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар объектилердин иши менен таанышты.


Минкаб төрагасы алгач, Ташкент облусундагы Борбор Азиядагы эң ири күн электр станцияларынын бири Riverside электр станциясына барды.


Касымалиевге бул долбоор, Өзбекстандын Улуттук электр тармагы менен 25 жылдык электр энергиясын сатып алуу келишими менен курулуп, ээлик кылуу, иштетүү, өткөрүп берүү модели боюнча ишке ашырылып жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, ACWA Power компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан кайра жаралуучу энергиянын кубаттуулугу 200 МВт түзөт.


Андан соң Адылбек Касымалиев Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында уюшулган Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык потенциалынын биринчи улуттук көргөзмөсүнө сапар тартты.


Болжол менен 6000 чарчы метр аянттагы көргөзмөгө улуттук экономиканын 10дон ашык негизги тармактарынан, анын ичинде мунай химиясы, машина куруу, электротехника, курулуш материалдары, металлургия, фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы жана башка 90го жакын компания катышууда.


Мындан сырткары минкаб башчысы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин имаратында болуп, элчиликтин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн