Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:02
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кайран Топчуке. Ала-Тоодогу демократиянын чыгаан жарчысы жана күрөшчүсү эле...

20.11.2023 14:58
2457
Кайран Топчуке. Ала-Тоодогу демократиянын чыгаан жарчысы жана күрөшчүсү эле...


Кыргызстандын демократиялык нукка багыт алуусу үчүн көөнөргүс салым кошкон саясатчылардын бири Топчубек Тургуналы Кожомбердитегин 15-ноябрда дүйнө салды. 17-ноябрда ал Аксыдагы кичи мекенинде акыркы сапарга узатылды. Кичүү үзөңгүлөшү болгон тарыхчынын блогу.

Кыргыздын кыраан уулдарынын бири Топчукебиз 2023-жылы ноябрдын (жетинин айынын) 15инде 82 жашында дүйнө салыптыр... Бул суук кабарды Кыргызстандагы гана эмес, чет өлкөлөрдөгү медиа каражаттары желдей таркатты.

Алыскы Чехиянын чакан шаарында байырлап жаткан бизге да бул суук кабар жетип, кабыргабызды кайыштырды.

Кыргызстандын жумурияттык бийлик жетекчилери жана бир катар коомдук ишмерлер кол койгон расмий эстутум каты дагы жарыяланды.

“Арты кайырлуу болсун!” дегенден башка айла жок...

Топчубек Тургуналы Кожомбердитегин (кары-жашы жебестен, өлкөбүздөгү жамы журт аны урматтап “Топчуке” дешээр эле) – Кыргызстандын эгемендиги жана демократиялуу болочогу үчүн жеке салымын кошкон өз доорунун чыгаан өкүлү эле.

Анын өмүр жолу жана коомдук ишмердиги тууралуу узун сабак сөздү анын артында калган кичүү үзөңгүлөштөрү өз көзү өткүчө урпактарга ар дайым айтып жүрөөрүнө ишенем.

Бүгүн ошондой кептердин айрымдары гана Ала-Тоодогу басма сөздө шардана кылынып жатат. Биз дагы өз блогубуз аркылуу кыраан агайыбызды учкай болсо да эскере кетелик.

Топчукенин бала чагы жана адис катары телчиккен курагы

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналы, урматтуу Топчуке, 1941-жылдын 5-июлунда (текенин 5инде) азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районундагы Авлетим айылынын бир жайлоо сыяктуу өңүрү болгон Мечит-Сай жергесинде жарык дүйнөгө келген.

Бул Мечит-Сай жер-суу аталышын географиялык картадан издеп таба албай жаткан замандаштарыбызга Авлетим айылы десеңиздер эле жаңылышпайсыздар (мурда бул кыштакты Афлатун деп да аташчу).

Топчукенин ата-энеси Авлетимдин Овут-Сай деген бөлүгүндө жашачу экен. Сыягы, алар Авлетимден 10–15 чакырымдай алысыраакта жайгашкан Мечит-Сай деген жайлоого жайында чыкканда, теке айынын башында Топчуке жарык дүйнөгө келсе керек.

Топчукенин тасы Тургуналы Кожомбердитегин кыргыздын саруу уруусунун кыркуул уругуна кирген сарыболот уругунан болот. Бул маалыматты анын айылдаштарынан да тактадык.

Топчуке, бала чагынан эле чыйрак болгон. Авлетим (Афлатун) айылында кулундай туйлап ойноп жүргөн тестиер чагында, беш эле жашында мектепке 1-класска кирип окуй баштагандыгын Топчуке саймедирлеп баяндап берээр эле.

Топчуке жогорку окуу жайды Советтер Биримдигинин борборунда окуп, 1965-жылы Маскөө мамлекеттик маданият институтун (Московский государственный институт культуры) бүтүргөн.

Химки шаарындагы бул жогорку окуу жай 1999–2014-жылдары “Маскөө мамлекеттик маданият жана көркөм өнөр университети” (“Московский государственный университет культуры и искусств”) деп да аталып турган.

Тоо койнунан барган жаш жигит Маскөөдөгү бул жогорку окуу жайда орус тилин жана маданиятын мыкты өздөштүргөн.

Маданият таануу тармагынын адиси болгон Топчуке Маскөөдөн түндүк батышыраактагы Сенежское көлүнүн жанында жайгашкан Солнечногорск шаарында мугалимдик кесипте иштегендиги тууралуу маалымат бар.

Ал кайрадан советтик Кыргызстанга кайтып, 1966–1972-жылдары Бишкектеги (ал кезде Фрунзе) Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектептин жетекчиси кызматын аркалаган.

Ал эми 1969–1972-жылдары Топчуке Кыргызстан Коммунистик партиясынын Борбордук Комитетинин сектор башчысы болуп иштеген. Демек, ал компартиялык номенклатуранын (партократиянын) өкүлү болуп калган.

Албетте, мындай жаш адистер андан ары саясий зоболосун көтөрүү үчүн партиялык багытта кадрдык таалим алуусун улантышы керек болгон.

Ошентип, ал 1972–1975-жылдары КПСС Борбордук Комитетине караштуу Коомдук илимдер академиясынын күндүзгү аспирантурасына кабыл алынып, байсалдуу окуган.

Негедир бул академия жөнүндө соңку убакта эскергендер “КПСС Борбордук Комитетине караштуу” деген сөздү таштап өтүп жатышат. Кийин антикоммунист болуп калган Топчуке өзү бул жагдайды бизге ачык эле айтчу.

Башка тарыхый жүрүмдөрдөн деле байкалгандай, кайсы бир идеологиялык же диний агымга каршы кайчы пикирге өткөндөр, адатта, тийешелүү жамааттын ичкерки курамынан деле бүчүр жазып өсүп чыгышат эмеспи.

Маскөөдөгү бул партиялык окуу жай СССРдеги теориялык жактан дасыккан коммунисттик партиялык жана советтик кызматкерлерди жана марксизм-ленинизмди туу туткан идеологиялык үгүтчү күрөшкерлерди таптоонун атайын бешиги болгон.

Ошол эле учурда Маскөөнүн өзүндө ар кыл кайчы пикирдеги адабиятты кошумча таап окуу мүмкүнчүлүгү жаңы булактарга суусап, чыгармачыл изденген жаш адистер үчүн Бишкектегиге караганда бир нече эсе жогору болгондугун калыс белгилөө керек. Топчуке жеке эрудициясын өстүрүү үчүн Маскөөдөгү мындай шарттарды мыкты пайдаланган, деп санайбыз.

Алыскы кыргызстандык мээнеткеч аспирант үчүн үч жыл ичинде философия илимдери тармагында кандидаттык диссертациясын аяктап жана коргоп үлгүрүү – зор жетишкендик болгон. Бирок ал идеологиялык адис катары советтик марксисттик-лениндик философия мектебинин катардагы жоокери эле.

“Кайра куруулар” доорунда эски көз карашынан тайманбай арылган инсан

Топчуке руханий турмушту советтик көп этностуу кырдаалда өнүктүрүү маселелерин андан ары да изилдеп, 1987-жылы Бишкекте (Фрунзеде) “Руханий турмушту интернационалдаштыруу көйгөйлөрү” деген китебин орус тилинде жарыялаган. Бул – КПСС Борбордук Комитетине караштуу Коомдук илимдер академиясынын аспирантурасынын мурдагы бүтүрүүчүсүнүн чыгармачыл мөмөлөрүнүн бири эле.

(Караңыз: Тургуналиев Т.Т. Проблемы интернационализации духовной культуры. – Фрунзе: Кыргызстан, 1987. – 118 с.).

Топчуке өз мезгилинде А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын деректири да болуп иштеген, В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы И.Арабаев атындагы КМУда) да эмгектенген.

“Кайра куруулар” доорунда ал алгач партиялык төбөлдөрдүн катарына эркин шайлоо ыкмасына таянып калкып чыгуу далаалатын жасагандыгы дагы ачык айтылып келет.

Ал Советтер Биримдигинин Компартиясынын Бишкектеги райондук комитеттеринин биринин биринчи катчылыгына өзүн атаандаш талапкер катары сунуштап, бирок өтпөй калгандыгы маалым.

Сыягы, бул окуя дагы анын коммунисттик түзүлүшкө карата иренжүүсүн курчутса керек. Айтор, 1990-жылдын башына карата Топчуке, башка да бир катар курбалдаштарындай эле, мурдагы Советтер Биримдигиндеги демократиячыл жүрүмдөрдү эски цензуралык чүмбөттөн эркин болгон жаңы көз карашта иликтей баштады.

“Асаба” уюмун жана КДКны негиздөөгө катышуу

Топчуке тууралуу 1990-жылдын жаз айларына чейин сыртынан гана учкай билчү элек.

1990-жылдын 18-февралында бир катар демократиячыл маанайдагы жаш окумуштуулар, жумушчулар жана өнөр жай ишканаларында иштеп жаткан адистер, “Ашар” уюмунун, Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын ж.б. коомдук уюмдардын айрым мүчөлөрү Бишкектеги ошол кездеги Кыргызстан Компартиясынын Ленин райондук комитетинин имаратында бийликтеги жалгыз партиянын Биринчи катчысы Абсамат Масалиев менен айдыңдык талкууга чыктык.

Бул талкууну (айдыңдык эрөөлдү) уюштуруу тобунун башчысы – Райымбек Апсаматов, орун басары биз элек.

Катышуучулар Кыргызстан Компартиясынын жетекчилигинин саясатын ачык эле сынга алышты жана акыбалдан чыгуу жолдору боюнча бир катар сунуштарын ортого салышты.

Билишимче, ал коомдук ачык талкууга Топчуке катышкан эмес эле.

Ал эми 1990-жылдын март айынан тартып Бишкекте демократиялык саясий уюм түзүү боюнча бири-биринен кабарсыз бир нече топ удаа иш алып барды. Ошолордун биринде алгачкы жолу Топчуке менен тааныштым.

Кээде айрым чогулуштар Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун айрым дарсканаларында да өткөрүлүп жатты. Бул окуу жайдын Топчукеден башка да бир катар жаш окумуштуулары, алардын ичинде психология адиси, доцент Камиля Кененбаева да жашыруун чогулуштарга жигердүү катышкан.

Оболу “Асаба” деген коомдук-саясий кыймылды негиздедик (ал кезде “Асаба” уюму саясий партияга айлана элек болчу). 1990-жылдын март жана апрелиндеги жашыруун отурумдарда негизделген бул кыймылга “Асаба” атынын берилишине жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун бир катар жылдар бою коммунисттик цензуранын айынан жарыкка чыгарылбай келген “Көк асаба” тарыхый романынын аталышынын таасири да тийген. Чыгармада Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы көркөм даңазаланган.

“Асаба” кыймылынын төрагасы болуп бишкектик жаш инженер Кадыралы Матказиев шайланды.

1990-жылдын 1-май күнү “Асаба” коомдук кыймылы Бишкектегы “Ала-Тоо” аянтында коммунисттик салттык демонстрациянын соңунан көк асаба жана көк тасмадагы демократиячыл ураандарды көтөрүп алып өзүнчө жоон топ болуп тынч өттүк.

Арабызда лидерибиз Кадыралы Матказиев, журналист Мелис Эшимканов, ошондой эле Райымбек Апсаматов, Бакыт Өмүралиев, Чапырашты Базарбаев, Таалайбек Абдыкасымов, экономист Бекболот Талгарбеков, окутуучулар мыкты окуган тарыхчы студенттерим Арслан Капай уулу Койчиев, Салайдин Эралиев, Динар Иманова, ж.б. бар эле... Ара-чолодо тамашалашып, андан тышкары “Жашасын демократия!”, “Жашасын көп партиялуулук” деп кыйкырып коюп турдук.

Топчуке, Камиля Кененбаева жана алардын Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтундагы кесиптештери жана студенттери да бул романтика жана эйфория жыттанган антикоммунисттик туңгуч демонстрацияга жандуу катышышты.

Бул окуяга шерденип, “Асаба” уюмунун жетекчилери жана жигердүү мүчөлөрү Кыргызстандагы башка да уюмдар менен байланышып, кубаттуу саясий блок түзүү аракетин баштады. Кыргызстандын Илимдер академиясындагы жана ЖОЖдордогу илимпоздор, бир катар калемгер айдыңдар, өнөрпоздор, коомдук ишмерлер өз багыттарында мезгилдеш камылга көрүп жатышкандыгын кийин билдик.

Болочокку бирдиктүү саясий уюмдун расмий документтеринин долбоорун “Асаба” кыймылынын мүчөлөрү даярдадык. Маселен, болочокку блоктун программасынын долбоорун Камиля Кененбаева, уставынын (ишмердик жобосунун) долбоорун ушул саптардын ээси даярдадык. Бизге чейин да бул документтерди даярдайбыз деп чыккандар өз мөөнөтүндө эч нерсе жазбай келишкен эле.

Жер-жерлерден демократиячыл уюмдардын өкүлдөрүн жана өз демилгелүү жарандарды чакыруу иши да жүрүп жатты. Топчуке уюштуруу иштерине кызуу көмөк кылып жатты.

Акыры өлкөнүн көп этностуу демократтарынын өкүлдөрү 1990-жылдын 25–26-майында Бишкекте өткөн бирдиктүү демократиячыл саясий блоктун уюштуруу жыйынына (конференциясына) чогулушту.

Топчуке – КДКнын теңтөрагаларынын бири

КДКнын Уюштуруу жыйынын өткөрө турган имаратты ал кездеги Кыргызстандын коммунисттик жетекчилиги создуктуруп жатып ачтырды. Бул окуянын аки-чүкүсүн Казат Акматов, Жыпар Жекше, Топчубек Тургуналы ж.б. саясатчылар кийин жазып чыгышты.

Демократтар уюштуруу жыйынын көчөдө эле өткөрө баштайбыз деп чыккан соң, акыры бийликтер жыйын өткөрүүгө уруксат беришкен.

Бул уюм ар кыл этностордун жана саясий күчтөрдүн өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн демократиячыл бирикме болду. Аны алгач “Кыргызстан” демократиялык кыймылы (КДК) деп аташты. Тырмакчаны алып салалы деген сунушту делегаттардын көбү кабыл албай койду.

КДКнын беш теңтөрагасы шайланды. Алардын бири – Топчуке болду. Калгандары – демократ жазуучу Казат Акматов (ал Компартия тарабынан жазыксыз кодулоого кабылган коомдук ишмер жана эркин депутат эле), Ош шаарынан келген Төлөн Дыйканбаев, “Ашар” козголушунун өкүлү Жыпар Жекшеев жана алардын эң жашы – “Асаба” кыймылыгын жетекчиси Кадыралы Матказиев эле.

КДКны уюштуруунун негизги жумуштары 25-майда эле аяктап, уюмдун Кеңеши жана Башкармалыгы шайланып, ал эми кийинки күнү калган каткан уюштуруу маселелери талкууланган.

Топчуке КДКнын теңтөрагасы катары өз ишин жигердүү алып барды. Анын мурда компартиялык кагаз иштери менен алектенип иштеп калган тажрыйбасынын бир үзүрүн коммунисттик режимди кулатууга белсенген КДК көрдү окшойт.

“Кыргызстан” Демократиялык Кыймылынын беш теңтөрагаларынын экөө - Топчубек Тургуналиев (оңдогу биринчиси) менен Жыпар Жекше (оңдогу экинчиси) Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы нааразылык жыйынында. 1990-жылдын 5-июну.

1990-жылдын июнундагы каргашалуу Ош окуялары маалында Топчуке коомдук жыйындарда чечендигин көрсөтүп, жарандык ынтымакка чакырып жатты.

КДКнын Топчуке да кирген жетекчилери коңшу Тажикстандын борборуна да барып, жергиликтүү демократиялык күчтөргө колдоо көрсөтүшкөн.

Ошол жылы октябрда КДКнын саясий ачкачылык иш-чарасына да жеке өзү катышты. (Албетте, мында анын популисттик мүнөзү да таасир тийгизген, себеби КДКнын бардык теңтөрагаларына КДКнын Башкармалыгы тарабынан жөн гана логистикалык жана башка шарттарды уюштуруп, саясий иш-чараны жалпы көзөмөлдөө милдети гана тагылган болчу).

Оозу кеберсип, кыйла азып кетсе да, Топчуке акыр аягына чейин бул саясий иш-чарага демилгелүү катышты жана КДКнын саясий талаптары тууралуу маектер берип жатты.

Бул саясий иш-чара тынч жол менен жеңишти камсыздоого сырткаркы өбөлгө болуп, ал кездеги Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу бөлүгү Кыргызстан Компартиясынын лидери Абсама Масалиевди президенттикке шайлабай койду жана акыркы айлампада, 27-октябрда, ал кезде либералыраак болгон академик Аскар Акаев атаандашы Насирдин Исановду жеңип, жумурияттын туңгуч президенти болуп шайланып калды.

1990-жылы күзүндө КДКнын “Майдан” саясий гезити негизделди (аны адабият таануучу Аман Токтогулов, кийинчерээк Бакытбек Орунбеков жетектеди). Топчуке да бул басылмага колдоо көрсөттү.

1991-жылы февралда КДКнын Биринчи курултайы өтүп, анда үч гана теңтөрага калтырылды. Алар – Топчуке, Казат Акматов жана Жыпар Жекше эле.

КДКнын Башкармалыгынын күнүмдүк иш-чараларын Кадыралы Матказиев, Таабалды Эгембердиев ж.б. жүргүзүп калышты.

Бул жылы КДКнын баш кеңсеси Бишкектин чок ортосунда (азыркы Жогорку сот жайгашкан имараттын түндүк-чыгыш бурчунда) жайгашып, күжүлдөп иш жүргүзүп жатты.

1991-жылы июлда КДКнын жетекчилиги жана “Ашар” сыяктуу уюмдар Кыргызстандын бийликтери менен биргелешип, “Өмүр көчү – 75” аттуу жөө жүрүштү уюштурушту. Албетте, тоо койнундагы эч бир конуш жок жайлардан автоунаа менен өтүүгө туура келди, болбосо, маселен, Кочкордон Торугартка чейин жөө кишилер бир нече апталап кезмек болчу.

Топчуке да Чүйдүн Асылбаш айылынан башталган бул жүрүшкө башынан аягына чейин катышты. Жүрүшчүлөр Балыкчыдан үч салаа болуп топ жиктелгенде (анын экөөсү Ысык-Көлдүн эки тарабынан Караколду карай өрдөгөн), Топчуке биз менен кошо Нарын – Торугарт багытын тандаган.

Бул багытты уюштурган жана катышкандардын арасында Бүбайша Арстанбекова, Шамшыбек Мамыров, Орозбек Бектуров, Жумамүдүн Кадырмамбетов, Жумабек Мүсүралиев, Жанаалы Шабдрай-Зергер, Зуура Үмөталиева, Турсунбек Акун, Калыбек Арабаев, Дыйканбек Садыков, Сапар Мурзакулов, ж.б. бар эле.

1991-жылы 19–21-августта СССРде эскичил коммунисттердин ГКЧП деген кутум далаалаты майнапсыз жасалды. Дал ошол күндөрү КДКнын жетекчилиги демократияны жана Кыргызстандын эгемендиги идеясын жигердүү колдоп жатты.

Бирок дал ошол күндөрү Топчуке Аксыдагы кичи мекенинде болуп, сырткаркы дүйнө окуяларынан кабарсыз жүргөн экен. Ыраматылык Жыпар Жекше Топчукени “ошол ГКЧП күндөрү коён жүрөктүк кылдыңыз” деп сынга алса, Топчуке “кудай акы, чын эле жайлоого чыгып кетип, тышкарыдан эч бир маалымат албай эс алганмын”, – деп актангандыгы эсте.

Ал эми 1990-жылы сентябрда Топчуке Кыргызстандагы бийликтердин КПССтин ишмердигине тыюу салган чараларын жигердүү колдоп чыкты.

1991-жылы декабрда СССРдин биротоло жоюлушу, Кыргызстандын дүйнө жүзүндө көз каранды эмес мамлекет катары тааныла башташы жана Кыргызстанда көп партиялуу саясий түзүлүштүн орношу менен КДКнын мүдөөлөрүнүн башкылары жүзөгө ашырылды.

1991-жылы эле КДКнын үч баштуу саясий жетекчилигинде ынтымак тымызын ыдырай баштады.

Дал ошол кырдаалда Топчуке бир катар пикирдештерин чакырып, КДКнын курамына кирген, бирок айырмалуу саясий партияны негиздөөгө бет алды.

Буга удаа эле Топчуке 1993-жылдын жаз мезгилине чейин КДКнын теңтөрагаларынын бири бойдон калган. Ошол жазда КДКнын ордуна КДК партиясы негизделген.

“ЭрК” партиясын негиздөө жана жетектөө

1991-ж. 10-февралда "Эркин Кыргызстан" (ЭрК) демократиялык партиясынын уюштуруу курултайы өткөрүлгөн. Бул партия Кыргызстан мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялап, КПССке тыюу салгандан бир айдан ашуун убакыт өткөн соң, 1991-жылы 4-октябрда расмий каттоодон өткөн.

“ЭрК” партиясынын экинчи курултайында (1991-жылы 7-ноябрда) Өмүрбек Текебаев партиянын төрагасы, ал эми Топчуке – партиянын Аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланышкан. 1992-жылы 2-ноябрда бул партиянын үчүнчү курултайы жиктелүү менен аяктап, анын Өмүрбек Текебаев, Камиля Кененбаев жана Улан Орозалиев сыяктуу мүчөлөрү өзүнчө “Ата Мекен” партиясын негиздеп кетишкен.

Топчуке “ЭрК” партиясынын төрагасы болуп калган.

Башка бир катар партиялар Аскар Акаевдин акырындап түптөлө баштаган авторитардык режими менен мышык-чычкан оюнун жүргүзүп жатышкан чакта, Топчуке жетектеген “ЭрК” партиясы өлкөдөгү экономиканы жана саясатты радикалдуу кайра куруу багытын көздөп, колхоз менен совхоздорду тез арада таркатууну, парламенттин өзүн-өзү таркатуусун, президентти кайра шайлоо талаптарын көтөрүп чыкты.

Оппозициячыл “ЭрК” партиясында кыргыз жазмасын латын арибине кайрадан өткөрүү жөнүндө (1991-ж. күзүндө) жана кыргыз жумуриятынын Конституциясы жөнүндө (1992-ж. июнда) атаандаш долбоорлор иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.

Кыска мөөнөткө “ЭрК” гезити да чыгарылып турган. 1995-ж. 5-февралдагы Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүндө “ЭрК” партиясы 80 талапкерди көрсөтүп, анын ичинен төртөө (Досбол Нур уулу, Турсунбай Бакир уулу, С.Жээнбеков, Ө.Субаналиев мырзалар) депутат болуп шайланышкан. Кийинчерээк, 1995-жылдан тартып, партиянын жетекчилиги философия илимдеринин кандидаты Турсунбай Бакир уулуна өткөн.

Ректордук кызматтын түйшүгү

1992-жылы Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунун (ПИРЯЛ) негизинде Тилдер жана гуманитардык илимдер мамлекеттик институту (Государственный институт языков и гуманитарных наук) негизделген жана 1994-жылы ал Бишкек гуманитардык университети (БГУ; 2019-жылдан тартып – Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети) болуп калган.

Топчуке БГУну 1994-жылдан тартып кыска убакытка жетектеп иштеп калды.

Анын БГУнун ректору кызматына А.Акаев тарабынан дайындалышын угуп, “эми бул оппозициячыл саясатчынын оозу жабылат ко” деген үмүт менен караган төбөлдөр бар эле. Бийлик кызмат берген чакта, реформачыл турумунн жанбастан, президентке каяша кылгандарды А.Акаев жана анын көшөкөрлөрү “ырысын көтөрө албагандар” деп эликтеп коюшаар эле.

Батышта демократиячыл өлкөлөрдө оппозиция өкүлдөрү кайсы бир кызматка дайындалышса, сөзсүз эле алар өз турумун өзгөртүүгө тийиш деп саналышпайт.

Топчуке деле өз кызматын ушундайча аңдады. Ал өз сын пикирин “Эрк” партиясынын жетекчилеринин бири катары ачык айтуусун уланта берди. Аны акыры шылтоо менен бул кызматтан четтетишти.

Адилетсиз сот жүрүмдөрү жана абак жылдары

Т.Тургуналиев 1995-жылдын соңунда президенттик шайлоо өнөктүгү маалында А.Акаевдин атаандашынын – мурдагы парламент спикери Медеткан Шеримкуловдун штабын жетектеп калды. Дал ошол маалда, 1995-жылы 22-декабрда, аны жалаа менен камакка алышты да, 1996-жылы аны төрт жылдык абак мөөнөтүнө кесишти. Ал айрым убактысын алыскы Лейлек районундагы колонияда өткөрүп, ден соолугу начардаган.

Эл аралык мунапыс уюму Топчукени “абийир туткуну” деп жарыялады. Бир нече айдан соң, шайлоо өнөктүгү артта калган кезде, бийликтер Топчукени кайра боштондукка чыгарышты.

Топчуке кайрадан сын пикирлерин ачык билдире баштаганда, А.Акаевдин режими анын мурда БГУда ректор болуп иштеп жаткан кезинде 10 миң доллар жоголгон окуя боюнча кайра сот жазасына тартышты. 1996-жылы ноябрда аны төрт жылга абакка кесишти. Бирок кийинки (1997-жылы) бул доо алынып салынып, Топчуке эркиндикке чыкты.

Бул чуулгандуу окуяны жана андан кийинки дагы бир окуяны Кыргызстандын коопсуздук күчтөрү Тимур Стамкулов деген Топчукенин жакынын колдонуу аркылуу уюштурган, деген шек айтылып жүрөт.

Эми Топчуке “Эркиндик” деген жаңы саясий партияны негиздеди. Бул партия кийинки президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин жеңилишин камсыз кылуу үчүн үгүт өнөктүгүн баштады.

Бул жыл – өлкөнүн Конституциялык соту 1990-жылдан бери ырааттуу бийликте болуп келе жаткан президент А.Акаев жаңы мөөнөткө шайланууга акылуу деп, бул авторитардык жетекчиге “ак бата берип койгон” кезең эле.

1999-жылы жазында Бишкек шаарында “мамлекет башчыга кол салуу үчүн кутум даярдады” деген шек менен бир нече карапайым киши камакка алынды. Алгач Топчукени күбө катары сот жүрүмүнө тартышты.

Ал эми президенттик шайлоо камылгаларынын иш-чаралары курчуй баштаган маалда, 1999-жылдын 1-сентябрныда Бишкектин Биринчи май райондук соту Топчукени кутум далаалатынын уюштуруучусу катары айыпка жыгып, 16 жылга абактык мөөнөткө кести. Бишкек шаардык соту бул мөөнөттү алты жылдык абактык мөөнөт кылып кыскартты.

Топчуке “президент Аскар Акаев кызматтан кетиши керек” деген талапты айтуу – өзүнүн конституциялык укугу экендигин, бирок эч качан аны өлтүрүү максатында кутум уюштурбагандыгын байма-бай айтып жатты.

Коопсуздук кызматынын үч аткаминери сотто Т.Тургуналиевга каршы эч кандай далил жок, деп айтканына карабастан, аны абакка кесүү менен ошол кездеги сот бийлиги авторитардык президенттик бийликтен толук көз каранды экендигин ашкерелеткен.

Белгилүү укук коргоочу Наталья Аблова айым “Топчуке бийликтерге карата сын пикирин күчөткөн чакта, бийликтер ага каршы ар кыл кылмыш иштерин козгоп калышчу” – деп айтканы эсте.

Топчуке өзүнүн 60 жаштык мааракеси маалында (2001-жылы 5-июлда) №3 колонияда жаткан болчу. Аны кийинчерээк саламаттыгынын начардаганына байланыштуу №47 колониядагы ооруканага которушту.

2001-жылы жайында эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар, журналисттер, айдыңдык уюмдар жана коомчулук өкүлдөрү Топчукени боштондукка чыгаруу талабын байма-бай көтөрүштү.

Ак Үйдөн “арачылар” келип, Топчукеге жолугушуп, ага А.Акаевге кечирим сурап кайрылуусун сунушташканда, Топчубек караманча каршы болду. Ал: “Мен эч кандай күнөө кылбастан туруп, кечирим суроого эч качан барбайм!” – деди.

Топчуке абакта жаткан чакта, кытайдагы кыргыз жигитине турмушка чыккан кызы Раушан төркүлөп келип калды. Сабыркүл эжекени жана Үрүмчүдөн келген кыз-күйөөнү ишкер болуп калган Кадыралы Матказиев Ала-Арча капчыгайынын оозундагы дачасына чакырып чай бергенде, биз да катышып калдык.

Топчукеге жана Сабыркүл эжекеге Чынар Жакыпова, Наталья Аблова, Төлөйкан Исмаилова, Дмитрий Кабак, Рамазан Дырылдаев, Төлөйкан Исмаилова, Турсунбек Акун, Ырысбек Өмүрзаков, Валерий Улеев, Өмүрбек Текебаев, жана башка жарандар жана алардын уюмдары ырааттуу моралдык колдоо көрсөтүштү.

Эл аралык жана жергиликтүү коомчулуктун талабы менен Кыргызстандын бийликтери 2001-жылы 20-августта Топчукени "кечирим берүү" аркылуу абактан бошотууга аргасыз болушкан.

К.Бакиевдин бийликтеги жылдарында

Кийинки президент Курманбек Бакиев өзү бийликте отурган алгачкы жылдары Топчуке (жана жалпы демократиячыл күчтөр) менен дурус ымалада болду. Кантсе да, ал элдик ыңкылаптын эпкини менен бийликке келген эмеспи.

Бирок 2006-жылдан тартып К.Бакиевге карата сын күчөй баштаган.

Эсибизде калган жагдай – 2007-жылдын ичинде К.Бакиевди аёосуз сындап чыккандарга каршы Топчуке айбаттуу турган болчу.

Бирок 2007-жылдын декабрында Жогорку Кеңештин төртүнчү делген чакырылышы үчүн жаңы парламенттик шайлоо да олуттуу добуш бурмалоолор менен коштолуп, Топчукенин партиясы босогодон өтпөй калган.

Бийликтеги бакиевчил “Ак Жол” партиясы 90 орундун 71ин ээлеген, социал-демократтарга 12, коммунисттерге 8 гана орун тийген. Башка кубаттуу оппозициячыл партиялар “босогодон өтпөдү” деп четке кагылган.

Албетте, 2008-жылдын башынан тартып Топчуке бакиевдик режимди ачыктан ачык жана кескин сынга ала баштады.

2010-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин

Топчуке 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылапты кош колдоп шаттанып тосун алды.

Анын өзү дагы Убактылуу өкмөткө мүчө болуп кирди.

Анын Кыргызстандын демократиялык нукта өнүгүүсү үчүн күрөшкө кошкон салымы жогору бааланып, 2011-жылы ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку сыйлыгы – I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

2012-жылдан тартып Т.Тургуналиев илимий жана педагогдук ишмердикке өткөн.

И.Арабаев атындагы КМУдагы “Кыргыз Республикасынын азыркы саясий тарыхы. Саясат жана инсандар. Топчубек Тургуналиев” деген аталыштагы илимий жыйында уюштурулган көргөзмө. 29.10.2011.

Манас таануу жаатындагы омоктуу салымдары

Ошентип, XXI кылымдын экинчи ондугунда Топчуке саясий турмуштан четтеп, илим чөйрөсүнө, тагыраак айтканда, манас таануу жаатына баш-оту менен берилип кетти.

Мында да анын олуттуу жетекчилик салымдары болду.

Оболу ал И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу институтун башкарып, илимий журнал чыгарып, ар кыл илимий макалаларын Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жарыялап, жаш окумуштууларды манас таануу багытында аспирантурага топтоп жатты.

Ал “Манас” эпосун жөн гана эпос катары карабастан, кыргыз улутунун тарыхынын бурулуш учурлары көркөм чагылдырылган “эпопея” катары карашыбыз керек, деген сунушун айтып чыкты.

(Маселен, айрым макалаларын жана эмгектерин караңыз:

Тургуналиев Т.Т. Философско-эпическое миропонимание кыргызов-хакасов // Сохранение и развитие языков и культур коренных народов Сибири: Материалы IV Международной научно-практической конференции (Абакан, Республика Хакасия, 19–20 мая 2016 года) / Отв. ред. Т.Г.Боргоякова. − Абакан: Изд-во ФГБОУ ВПО «Хакасский государственный университет им. Н.Ф.Катанова», 2016. − 368 с. – ISBN 978-5-7810-1483-5. – С. 35–41; https://khsu.ru/files/science/igisat/works/sbornik_2016_soxranenie_i_razvitiya_yazyikov.pdf

Тургуналиев, Т.Т. Эпосы мира: мифологическое, историческое, героическое в эпосах мира // Соврем. гуманит. исслед. – Москва, 2018. – № 2. – С. 64-68;

Тургуналиев Т. Тирүү Гомер // Жусуп Мамай: Заманыбыздын залкар манасчысы: Кытайлык залкар кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий баяндамалардын жана макалалардын топтому / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), ж.б. – Б.: “Maxprint” басмаканасы, 2014. 268 + XII б., сүрөт. – Б. 14–17; ж.б.)

Топчукенин жеке саясий бедели да Бишкекте манас таануу жаатын өнүктүрүүдө жана башка жагдайларда олуттуу көмөк болгон.

Мисалы, кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамайга (1918–2014) анын көзүнүн тирүүсүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарып үлгүрүүдө Топчуке олуттуу ролду ойногондугун айта кетпесек болбойт.

Ак Үйдөгү айрым көшөкөр төбөлдөр ал кездеги президент Алмаз Атамбаев Кытайга өзү барып, бул эң жогорку сыйлыкты Жусуп Мамайга өз колу менен тапшырышы керек, деген жүйөө менен сыйлык тууралуу жарлыкты чыгарууну жасалма создуктуруп жатышкан болчу.

2014-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, манасчы Жусуп Мамайга “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Манасчы атабыз эки күндөн кийин (1-июнда) дүйнө салган эле.

“Бул жогорку сыйлык тууралуу Жусуп Мамай атабыздын кулагына шыбырап үлгүрдүк”, деп кытайлык кыргыз айдыңдар кийин бизге чыгаан манасчынын кыркылыгы КЭРдин Ак-Чий шаарында белгиленип жатканда айтышты.

2015-жылы 24-октябрда Үрүмчү шаарындагы эл аралык манас таануу жыйынында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу институтунун деректири Топчубек Тургуналы Кожомбердитегиндин аталган институтка болочокто магистратурага жана аспирантурага өтүүгө кытайлык жаш кыргыз илимпоздорун чакыргандыгы тууралуу маалыматты бул мекеменин өкүлү, профессор Жылдыз Орозобекова жарыя кылып, Топчукенин аманатын аткаргандыгын өз учурунда шардана кылган элек.

Топчуке 2019–2021-жылдар аралыгында Бишкектеги “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти кызматын аркалап турду.

Бул илимий мекемени түзүүнүн демилгечиси жана аны телчиктирүү ишинин кыймылдаткыч күчү болгон Топчукенин ак кызматын манас таануучулар жана жалпы айдыңдар эч унутпастыр.

Топчуке бул академияда бир катар олуттуу илимий жыйнактарды ар кыл тилдерде жарыялоону уюштурууга жетишти, андан тышкары көптөгөн эл аралык илимий жыйындарды да өткөрдү.

Ал өзү да бул кызматта кезинде бараандуу эмгектер жарыялоого үлгүрдү.

Менимче, аксакалдын күч-дареметин бул багытта дагы да колдоно берүүгө болмоктур.

"Манас" жана Айтматов академиясында жаңы жетекчи катары Т.Бакчиевди тааныштыруу учуру. 2021.

Тамашалуу учурлар көп болгон

Топчуке ачык, шар киши эле. Тамашалап сүйлөгөндө жана аргендей доошу менен созолонтуп ырдап жибергенде, анын ачык киши экенин калайык даана сезээр эле.

Кээде анекдот, каймана кеп, саясий күлкүлүү окуяларды айтып калаар эле.

Бир ирет КДКнын Нарындагы аймактык жыйынына жетүү үчүн Бишкектен түнү менен жолго чыктык. Жолдо бара жатканыбызда Топчуке өзү окуган дүйнөлүк адабияттын классикалык чыгармаларынан өтө кызыктуу баяндап берип, жол кантип кыскарганын да билбей калганбыз.

Ал Бернард Шоу (1856–1950), Амандина Аврора Люсил Дюпен (болочокку Жорж Санд; 1804–1876) айым жана башка калемгерлерге байланыштуу учкул сөздөрдү жана азил кептерди маашырлана айтаар эле. Жорж Санд айымдын “Чындык сатылган кезде анын ажалы жетет” деген учкул сөзү, чын эле, ойлонтпой койбойт эмеспи.

1992-жылы жазында Топчуке эгемен Кыргызстандын Конституциясынын атаандаш долбоорун бир эле учурда кыргыз жана орус тилдеринде жазуу сунушун айтып калды.

Ала-Арча капчыгайындагы эс алуу жайында Топчуке (жетекчибиз), укук илимдеринин кандидаттары жана Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценттери Кылычбек Асаналиев менен Манапбай Керимбаев агайлар жана ал кезде Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатын жетектеп, КУУда да иштеп жаткан ушул саптардын ээси болуп бир нече күн тынымсыз иштедик.

Чаалыккан маалда ар кыл саясий анекдотторду айтышып, кесиптик күлкүлүү окуялардан да кеп салып калчубуз.

Негедир талаш туудурчу татаал маселелер чыкканда жеңил-желпи чечип жаттык. КДКнын Башкармалыгында кээде жүйөө укпастан, кызыл чеке болуп айтышканга чейин баргандарды көргөн жаным Ала-Арчадагы чакан топтун ишине жыргап эле жүрдүм. Берки укук адистери болгон агайларым да эки тилде тең түш жоруган терең билимдүү, кыраакы жана айкөл кишилер экен.

(Караңыз: Тургуналы Т., Асаналиев К., Керимбаев М., Чоротегин Т.К. Кыргыз Жумуриятынын Конституциясынын долбоору: Альтернативдик долбоор. Проект Конституции Республики Кыргызстан: Альтернативный проект. — Бишкек, 1992).

Кийинчерээк гана маркум Манапбай Керимбаев агабыз “Ак шай жибек жоолукчан, Лейли, Алмалуу бактан жолуксак, Лейли...” деген саптары бар ырдын текстинин автору экендигин “Лейли” ырынын обонун жараткан Кубат Болоткановдун маегинен билип калдым.

Топчуке агайыбыздын өзүн да катуу тамашалаган учурларыбыз болгон. Бирок ал сөздү көтөрө билчү.

Бир жолу, 2014-жылы жазында, Талас мамлекеттик университетинде манасчы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган эл аралык жыйынды уюштуруп калдык. И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу институтунун жетекчиси катары Топчуке да келди.

Концерт коштолгон кече маалында Топчуке да сөз сүйлөп, андан соң ыр аткара кетти. “Күттүм, күттүм...!” деп Топчуке созолоно ырдаган соң, төкмө акын Аалы Туткучев отургандардын айрымдарын ырга салып келип, Топчукеге да тийиштик кыла кетсе болобу!

“Ушу жашка чейин күттүм деп ырдай бербестен, Топчуке, өзүңүз деле демилге кылып койсоңуз болмок экен!..” – деди Аалыке.

Бардыгы кыраан каткы күлүштү. Агай да аргасыздан жылмайды.

Ошондо дагы бир тамашалуу окуя болгон эле.

Кытайлык кыргыздардын ар кыл муундагы илимпоздору да Таласка келген.

Алардын ичинен Эсен деген бир жаш окумуштуу Топчукеге жакындап келип:

– Сиздин чыгармаларыңызды, макалаларыңызды Кытайдагы кыргыздар жакшы окушат! – деген экен.

Албетте, жакшы сөз жан эргитет эмеспи, Топчуке маашырланып, жигитти далыга таптаптыр.

Анан алиги жигит:

– Сиз Дастан Сарыгуловсуз да, ээ? – десе, Топчуке ийе менен сайгандай чочуп кетиптир.

Ал жигит (Эсен) өзү мага ушул окуяны тастыктап айтып берди.

“Топчуке ким экенин билчү эмес белең?” десем, “жок” деп айтты. Анан ал жигитке КДК жана Топчукенин эгемендик үчүн салымы тууралуу айтсам, “сонун аксакал турбайбы!” деп кайра ыраазы болду.

Топчукени дагы бир окуя боюнча тамашага алчубуз.

– Сиз 1990-жылы 27-октябрдан 28-октябрга караган маалда жаңы гана шайланган академик Аскар Акаевге ак калпак кийгизип жатып, “түшпөс хан болууга аракет кыл” деп шыбырап тилек айтып койсоңуз керек?

Ал киши карс-карс күлүп калаар эле. (Көрсө, ошондо А.Акаевге КДКнын Кыргыз улуттук университетиндеги уюмунун төрагасы, жаш экономист илимпоз Шамшыбек Мамыровдун жаңы алган ак калпагын кийгизишкен экен).

Кийинчерээк Топчуке А.Акаевдин президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү атаандашы Медеткан Шеримкуловду колдоп, анын шайлоо өнөктүгүнүн тобун башкарып жүрдү жана А.Акаевдин режими маалында саясий абактагы катары куугунтукка кабылды (бул тууралуу жогоруда учкай айттык).

Топчуке абакта жаткан учурлардын биринде “Азаттыктын” тыш кабарчысы, ыраматылык Жаркын Суран кызы Темирбаева (1955–2021) эжеке “жакын тууганы” катары абакка жолугушууга кирип, тымызын түрдө Топчуке менен маекти жаздырып чыккан.

Үн жазгыч таза иштесин үчүн Жаркын эжеке чоң микрофонду жашырып алып кирген эле.

Азыркыдай чымындын көзүндөй, бирок кубаттуу жана таза жаздырчу микрофондор жана үн жазгычтар ал кезде көркөм тасмаларда же тыңчыларда болсо болгондур, бирок Бишкектеги карапайым журналисттерде мындай аспап жок болчу. Чоң микрофон гана үндү даана жазууга мүмкүндүк берчү.

Кийинчерээк, эркиндикке чыккан соң, Топчуке Жаркын эжекенин ошондогу каармандыгына жана тапкычтыгына маашырланып:

– ...Анан Жаркын карындашым койнунан мына минтип микрофонду сууруп чыкпадыбы! – деп колу менен жаңсап, эскере калганда, Жаркын эжеке уялып кетчү:

– Коюңузчу, Топчуке! Андан көрө башка өңүттү эле кеп кылсаңыз!..

Топчуке Бишкектеги стадиондо дээрлик күн сайын таңга маал чуркаар эле.

Бир ирет андан бир кыргыз жигит сурап калыптыр:

– Сыягы, бул жактагы эртең менен чуркап жүргөн эң аксакал киши – сиз окшойсуз?

Топчуке камаарабастан айтыптыр:

– Дагы бир классташым бар!

– Ал ким?

Алысыраакта “жорго чалыш” келе жаткан орус аксакалды жаңсап көрсөтө:

– Петр Чесноков деген классташым ушул! – деп Топчуке азил айтыптыр.

Ыраматылык Петр Никифорович Чесноков (18.11.1923 – 30.11.2017) аксакалды Кыргыз улуттук университетинде расмий фотограф катары иштеп жүргөн кезинен жакшы билчү элем. Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, спорт ишмери Чесноков аксакал да “өзүм менен ырааттуу чуркаган жалгыз демократ ушул” деп Топчукени баса белгилеп жылмайып айтаар эле.

Жалаң саясат темасы менен оозанбастан, Топчуке тууралуу азил кептерди да чогулта жүрүшүбүз абзел.

Эстутум жана болочокто эскерүү

Топчукенин сөөгү маркумдун өз керээзине ылайык 2023-жылы 17-ноябрда (жума күнү) Авлетим суусунун суусунун түштүк-чыгышындагы Овут-Сай деген жактагы Арпа-Тектир деген жердеги көрүстөндө ата-энесинин бейиттеринин жанында түбөлүк жайына берилди.

Бул тууралуу маркумдун бейитине барып топурак салып келген жазуучу жана тарыхчы Баяс Турал (Абдыракман Алымбаев) мырза бизге тастыктады.

Кыргыздын салтына ылайык, Топчукенин бала-чакасынын алыскы чөлкөмдөрдө жүргөн өкүлдөрү толук жетип келгиче сөөк коюу жөрөлгөсү кечеңдетилгенин угуп ыраазы болдук. Жоо кубалагансып “дене муздай элегинде” деп сөөктү көргө ала чуркабастан, тоолук кыргыздардын салтына ылайык ушундай шаани менен түбөлүк жайга узатуунун өзү да Топчукенин арбагы ыраазы болгондой иш болуптур.

Эгемен жана демократиялуу Кыргыз мамлекети Топчуке, Казат Акматов, Дооронбек Садырбаев, Жыпар Жекше, Сатыбалды Жээнбеков, Шералы Назаркулов, Алишер Саипов, Геннадий Павлюк, Болот Шернияз сыяктуу маркум жарандарыбыздын эмгектерин жана салымдарын ар дайым эскерип, алардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу аркылуу өзүнүн болочокку жарандык эстутумун чыңдайт деп санайбыз.

Сөзсүз эле ат мингизип айкел тургузуунун жана бир нече жылкы союунун кереги жок. Башка да айдыңдык миңдеген эскерүү түрлөрү бар. Маселен, китептер, көркөм жана даректүү тасма ж.б. чыгармалар жазуу, эскерүү жыйындарын уюштуруп туруу керек.

Топчукенин тагдырындагы оор азап-тозокторду кабагым-кашым дебестен көтөрүшкөн жаншериги, мээримдүү жана каарман айымга – Сабыркүл эжекебизге, анын жалпы үй-бүлөсүнө, жакындарына, үзөңгүлөштөрүнө жана жалпы жарандык кооомубузга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Өтөлгөлүү өмүр эки бөлүктөн турат. Эми Топчуке эл эсинде экинчи өмүрүн жашоого өттү.

Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Анын өз сөөгүн кичи мекенинде түбөлүк жайга жашыруу тууралуу керээзи аткарылды.

Эми Топчукенин жаркын элеси жалпы атажуртунда ар дайым эл эсинде сакталып кала бермекчи.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Автор: Тынчтыкбек Чоротегин, Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

Булак: "Азаттык" үналгысы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн