Аяк оона 12, 2025
Убакыт: 14:50
USD
87.30
87.80
EUR
102.00
103.00
RUB
1.025
1.050

Бишкектеги завод таштандыны өрттөп, энергияга айлантат

Бишкектеги завод таштандыны өрттөп, энергияга айлантат


Бишкек шаарынын санитардык полигонунда курулуп жаткан экотехнологиялык завод алгач миң тонна, келечекте 3 миң тоннага чейин таштанды иштетүү кубаттуулугуна ээ болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Марат Алдашкуров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.


Анын айтымында, учурда Бишкек шаарынан таштанды полигонуна суткасына миң тоннадан ашык таштанды келсе, болжолдуу маалыматтар менен 3 миң тоннага чейин жетиши мүмкүн.


“Борбор калаанын санитардык полигонунда курулуп жаткан экотехнологиялык заводдун кубаттуулугу алгач суткасына миң тонна таштандыны күйгүзгөнгө даяр болот. Келечекте 3 миң тоннага чейин таштанды иштетүү кубаттуулугун көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Азыр заводду куруу темпи тездик менен жүрүп, курулуш коюлган графиктен алдыда баратат. Ачылышы ушул жылдын декабрь айына белгиленген. Заводдун өзгөчөлүгү таштандыны күйгүзүп, электр энергиясын өндүрөт. Биринчиден бул завод масштабдуу ошол эле учурда уникалдуу. Кандай курулуп, кандай жабдыктар коюлуп жатат өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Бул Бишкек шаары үчүн абдан чоң салым, жетишкендик болот. Бул завод тууралуу угуп Казакстандан өкүлдөр келишип, компания менен келишим түзүп, алар да ушундай завод куруп башташты”,- дейт Алдашкуров.


Курулуп жаткан заводдо Бишкектин эле эмес, Чүй облусунун таштандыларын дагы иштетүү каралып жатканын муниципалдык ишкана директорунун орун басары маалымдады.


“Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы түтүндү 2023-жылы май айында жергиликтүү жашоочулардын жардамы менен биргеликте өчүрдүк. Ага чейин өзүңүздөр билгендей, 20-30 жыл убакыттан бери түтөп, күйүп келе жаткан полигон болгон. Учурда таштанды маселеси Бишкекте гана эмес, Чүй облусу боюнча көйгөйлүү, ал жакта да бүгүнкү күнгө чейин улам тутанып, күйүп турган полигондор жок эмес. Ошондуктан курулуп жаткан заводдо Бишкек шаары менен бирге Чүй облусунун таштандыларын дагы иштетүү каралууда. Анткени, өндүрүштүк кубаттуулугу ошончолук чоң”,- деди ал.


Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарынын санитардык полигонунда катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жана электр энергиясын өндүрүү боюнча экотехнологиялык заводдун курулушу кызуу жүрүүдө. Таштандыны кайра иштетүү завод эл аралык стандарттарга ылайык, заманбап технологиялар менен салынууда. Завод экологиялык көйгөйлөрдү чечип, таштандыларды пайдалуу ресурска айландырууну көздөйт. Өндүрүштүн жалпы аянты 12 гектарды түзүп, учурда курулуш аянтында административдик имараттын жана негизги заводдун пайдубалы бүтүп, төртүнчү кабатка чейин курулуш иштери аяктаган. Мындан сырткары, заводго кирүү үчүн миң метрден ашык жол салынган.


Маалым болгондой, таштандыны күйгүзүп электр энергиясын өндүргөн мындай ишкана Борбордук Азияда алгачкылардан болуп Кыргызстанда курулуп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн