Аяк оона 12, 2025
Убакыт: 15:27
USD
87.30
87.80
EUR
102.00
103.00
RUB
1.025
1.050

Күздө кандай жашылчаларды эгүүгө ылайыктуу? Министрликтин жообу

12.09.2025 12:28
19
Күздө кандай жашылчаларды эгүүгө ылайыктуу? Министрликтин жообу


Айыл чарба мезгилин натыйжалуу пайдалануу жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга суукка чыдамдуу өсүмдүктөрдү күзүндө эгүүгө алдын ала даярдык көрүүнү сунуштады.


Күздө эгүүгө сунушталуучу жашылча өсүмдүктөрү: Сарымсак жана пияз. Бул өсүмдүктөр туруктуу үшүк башталганга чейин тамырлап үлгүрөт жана жазында эрте өнүп чыгып, эрте түшүм алууга өбөлгө түзөт.


Ал эми дан эгиндеринен: Күздүк буудай жана күздүк арпа. Күзүндө эгилген дан эгиндери кыш-көктөм мезгилиндеги нымдуулукту натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берип, жазгы эгилген эгиндерге салыштырмалуу жогорку түшүм берет.


Күздө отургузууга ылайыктуу мөмө-жемиштер: Малина, кара карагат, крыжовник, суукка чыдамдуу жүзүм сорттору, алма, алмурут, алча жана өрүк. Күзүндө мөмө-жемиш жана мөмө өсүмдүктөрүн отургузуу жаздагы вегетациялык мезгилге чейин жакшы тамыр алышына шарт түзөт жана келечектеги мол түшүмдүн пайдубалын түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн