Ысык-Көл облусунда жайгашкан туристтик жана маданий мааниге ээ болгон Кырчын жайлоосуна жана анын айланасындагы кооз өрөөндөргө алып баруучу унаа жолдордо асфальттоо иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы «Кабар» агенттигине билдиргендей, мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен Семёновка–Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымдык жана Григорьевка–Көл–Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымдык тилкесин, жалпысынан 34 чакырым жолду асфальттоо пландаштырылган.
Учурда Семёновка–Ак-Суу тилкесинде 6 чакырым аралыкта жолдун негизинин экинчи катмары (саббейс) төшөлүп, 4 чакырым тилкеде эки тараптуу асфальттоо иштери жүрүүдө. Ал эми Григорьевка–Көл–Кашка-Суу багытында жолду кеңейтүү жана казуу иштери жүрүүдө. Жакынкы күндөрү тоо тектерин жардыруу иштери жүргүзүлөт.
Андан сырткары, жолду кеңейтүү, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана көпүрөлөрдү оңдоо иштери да улантылууда. Жалпысынан 69 суу өткөргүч түтүкчө орнотулуп, 5 көпүрөдө оңдоо иштери каралган.
Жол курулуш иштерин аталган ишканасынын №7 Жол тейлөө ишканасы аткарууда. Бардык иштер белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, бул долбоор Кырчын жайлоосуна жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртып, туристтик инфраструктуранын өнүгүшүнө жана жергиликтүү калктын кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн