Президент Садыр Жапаров бүгүн “Ынтымак Ордодо” жогорку окуу жайлардын өзгөчөлөнгөн мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды.
Мамлекет башчысынын колунан стипендияны өлкө боюнча 90 студент алды.
Сыйлыкка татыган ар бир студентке президенттин мактоо баракчасы жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия берилди.
“Бул залда отурган ар бир стипендиат — өз кесибинин мыктысы болууга умтулган, мекенине кызмат кылууга даяр, жаңыча ой жүгүрткөн жаңы муундун өкүлү деп билем. Силердин бул жетишкендигиңер — агартуучуларыңардын, ата-энеңердин талыкпаган эмгегинин жана өзүңөрдүн билим алууга болгон ынтызарлыгыңардын үзүрү. Бүгүн алган стипендияңыз — буга чейинки эмгегиңизди баалоо гана эмес, келечекте мыкты инсан жана өз ишинин адиси болууга чакырык”, — деди Садыр Жапаров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн