Аяк оона 12, 2025
Убакыт: 16:12
USD
87.30
87.80
EUR
102.00
103.00
RUB
1.025
1.050

Ошто 150 орундуу перинаталдык борбор курулат

12.09.2025 13:23
22
Ошто 150 орундуу перинаталдык борбор курулат


Ошто 150 орундуу жаңы перинаталдык борбор курулат.


Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, күн мурун «Чайна Роуд» курулуш компаниясы менен Ош шаарындагы Облустар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын аймагында 150 орундуу перинаталдык борборду куруу боюнча келишимге кол коюлду. Курулуштун болжолдуу мөөнөтү — 2,5 жыл.


«Биз подряддык уюмдан бардык техникалык талаптарды жана сапат стандарттарын так сактоону күтөбүз. Куруу иштери жогорку деңгээлде аткарылып, объект белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилүүгө тийиш. 

Министрлик курулуштун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөйт",-деп белгиледи саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн