Бүгүн, 23-сентябрда Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев баштаган парламенттик делегация Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумуна катышуу үчүн Бишкек шаарына учуп келди.
Делегацияны «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева тосуп алды.
Белгилей кетсек, аталган форумдун негизги максаты – Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо, туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү.
Форумдун жүрүшүндө төмөнкү темалар талкууланат: «Миграция жана эмгек агымдары: жарандардын укуктарын мыйзамдык жактан камсыздоо жана экономиканын туруктуулугу», «Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу чаралары», «Парламенттер жана санариптик суверенитет: киберкоопсуздук, санариптик чөйрөнү укуктук жөнгө салуу».
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн