Кулжа 22, 2025
Убакыт: 21:08
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат, - Чек ара кызматы

18.09.2021 11:56
1386
Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат, - Чек ара кызматы


Кыргыз-кытай чек арасы 19-сентябрдан 21-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлады.


Буга Кытайда "Күздүн орто чени" майрамынын белгилениши себеп болууда. 


"Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү бекеттери транспорт жана жүк алып өткөндөр үчүн убактылуу жабылат", — деп айтылат маалыматта.


22-сентябрдан баштап чек ара пунктулары санитардык алгоритм менен ишин жандантат. Тагыраагы, жүк ташуучу автоунаалар Кытайдан Кыргызстанга кайрадан өткөрүлө баштайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн