Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү сүрөтчү Нурдамир Конгурбаев 81 жаш курагында дүйнө салды. Ал кечээ, 9-мартта каза болгонун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз катчысы ырастады.
Белгилүү болгондой, Нурдамир Конгурбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 11-мартта орун алат.
Нурдамир Конгурбаев 1940-жылы 5-мартта Фрунзеде төрөлгөн. Ал 1962-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, 1971-жылы Ленинграддагы Репин атындагы сүрөт, скульптура жана архитектура институтун аяктаган.
1971-1985-жылдары Фрунзе сүрөт окуу жайынын директору болгон;
1976-жылы СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, жаш сүрөтчүлөр ассоциациясынын төрагасы;
1991-жыл Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган;
2008-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган.
Нурдамир Конгурбаевдин эмгектери Москвадагы мамлекеттик Третьяков галереясында, Чыгыш жана көргөзмөлөр дирекциясында (Москва), Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде жана чет өлкөлөрдө сакталат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн