Кыргыз элинин генеалогиясын сактоо үчүн “Кырылгыз” компаниясы “GEN – Кыргыз Санжырасы” мобилдик тиркемесин ишке киргизди, анын жардамы менен ар ким өз үй-бүлөсүн сактап, изилдей алат.
Тиркеменин бет ачары бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өттү.
Компаниянын негиздөөчүсү Антон Миронов билдиргендей, долбоордун негизги максаты – кыргыз элинин түпкү тегин эсинде сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү. Тиркеме кыргыз элинин санжырасын, маданий мурастарын, үй-бүлөлүк байланыштарын жана тарыхый маалыматтарын бир санарип платформага чогултат.
“Кыргыз маданиятында санжыранын өзгөчө мааниси бар. Ошондуктан долбоор тарыхый изилдөөлөрдүн жана ишенимдүү этнографиялык булактардын негизинде ишке ашырылган. Биз кыргыз санжырасын санариптештирип, системалаштыруу, улуттук өзгөчөлүктү жана ата-бабалардын тарыхына болгон кызыгууну күчөтүүнү, дүйнө жүзүндөгү кыргыздарды туугандык байланыштын негизинде бириктирүүнү максат кылып жатабыз. GEN – бул жоголуп бараткан оозеки салтты сактап калууга мүмкүндүк берген жеткиликтүү онлайн инструмент”, - деди Антон Миронов.
Ал ошондой эле компаниянын артыкчылыктуу багыттарынын бири адамдын өзүнүн теги менен эмоционалдык байланышын чыңдоо экенин, бул өзгөчө глобалдашуу, урбанизация жана массалык миграция доорунда актуалдуу экенин белгиледи.
“Биздин долбоор аркылуу кыргыз эли, анын ичинде чет жердеги кыргыздар дагы чоң биримдикти сезе алат деп ишенебиз. Системалуу онлайн платформа - бул маалыматты сактоо жана келечек муундарга берүү жолундагы маанилүү кадам”, - деп кошумчалады.
Бүгүнкү күндө тиркемеге 800 миңге жакын адам катталды. 2026-жылдын ортосуна чейин алар бул санды 2 миллионго жеткирүүнү пландаштырууда.
Компаниянын PR жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы Данияр Урманбетовдун айтымында, ар бир колдонуучу өзүнүн ата-теги тууралуу маалыматты жетинчи муунга чейин тиркемеге киргизе алат.
“Азыр чоң уруулардын көбүнүн өздөрүнүн санжыра китептери бар, ал китептерди анализдөө жана кийин платформага киргизүү үчүн бизге жөнөтүүнү суранабыз. Келечекте долбоорго илимий мүнөз берүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.
Долбоорду Антон Миронов, анын үй-бүлөсү жана достору каржылаган.
Өнүктүрүү үчүн 100 миң доллардан ашык инвестиция тартылган.
“Кырылгыз” ишканасынын жетекчиси Заирбек Атанбеков белгилегендей, келечекте тиркемени интерактивдүү функциялар менен толуктоо пландалууда.
“Биз тогуз коргоол сыяктуу оюндарды, этти туура бөлүштүрүү сыяктуу кыргыздын каада-салты тууралуу маалыматтарды жана жаштарды кызыктырган башка маданий элементтерди кошкубуз келет”, - деди ал.
PR бөлүмүнүн башчысы Орозбек Осмонбек уулу долбоор коммерциялык максатты көздөбөй турганын баса белгиледи.
“Буга чейин кыргыздарда “жети атага” чейин эле санжырасын билип, никеге турбагандыктан, тукум куучулук менен ооруган балдар аз болгон. Жаштар өз ата-тегин изилдеп, бул салтты сактап калат деп ишенебиз”, - деди адис.
Белгилей кетсек, “Кырылгыз” ЖЧКсы социалдык жана билим берүү платформаларын өнүктүрүүгө адистешкен кыргызстандык IT-компаниясы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн