Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында университетте системалык тартип бузуу фактыларын аныктады.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле учурда окуп жаткандардын катарында болгон студенттер аныкталды. Аталган факты боюнча "Кызматтык жасалмачылык" беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылды.
Учурда университеттин жогорудагы мыйзам бузууларга катыштыгы бар кызматкерлерди аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК билим берүү чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантат жана жарандарды мындай фактылар жөнүндө мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү үчүн билдирүүгө чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн