Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 03:18
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кыргызстан Кытай менен бир нече тармакта кызматташууну өнүктүрүү сунушун киргизди

14.03.2023 07:57
343
Кыргызстан Кытай менен бир нече тармакта кызматташууну өнүктүрүү сунушун киргизди

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын “China Communications Construction Group Limited” корпорациясынын башкы директорунун орун басары Чэн Чжун менен жолукту.


Жолугушууда Бакыт Төрөбаев алгач жакында эле өткөрүлгөн Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын сессиясын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.


“Биринчиден, сиздерди “эки сессиянын” ийгиликтүү өтүшү менен куттуктагым келет, анын жүрүшүндө тарыхый маанилүү чечимдер кабыл алынып, Кытайдын лидерлери шайланып, бекитилди. “Эки сессиядан” кийин кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүк мамилелери кыйла жанданаарына ишенем. Бул үчүн эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө бардык күч-аракетиңизди жумшайсыз деп ишенем”, – деди ал.


Ошондо эле, “Чайна Роуд” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү менен жемиштүү жолугушуу өткөрүлгөнү жана бул компаниянын ишмердүүлүгү менен бирге алдыда ишке ашырыла турган бир катар келечектүү долбоорлор талкууга алынганы айтылды.


Жакынкы күндөрү Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлөөрү жана анын алкагында кытайлык ишкерлер туш болгон маселелер жана ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча талкуулар болоору пландалып жатканы белгилүү болду.


Анда кыргыз тарап энергетика тармагында, унаа жана темир жолдорун куруу тармагында жана аба каттамдарын жакшыртуу сыяктуу бир катар долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу сунушун киргизди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн