Кыргызстанда USDKG аттуу алгачкы улуттук стайблкоин расмий каттоодон өттү.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, санариптик активдин биринчи чыгарылышын мамлекеттик каттоо 2025-жылдын 27-октябрынан 31-октябрына чейин жүргүзүлгөн.
2024-жылдын декабрында катталган жана 2025-жылдын январында кайра катталган "Виртуалдык активдердин эмитенти" ААК стайблкоиндин эмитенти болуп саналат. Компания программалык камсыздоону иштеп чыгууга адистешкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн