Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:24
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстан Японияга жарандарды жумушка орноштуруу боюнча келишим түздү

30.05.2022 09:48
1984
Кыргызстан Японияга жарандарды жумушка орноштуруу боюнча келишим түздү


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Япониянын IBS "Кесиптик бирлиги" жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Япон таануу институтунун ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Келишимдин алкагында кыргызстандыктардын биринчи тобу ушул жылдын аягына чейин жумушка жөнөтүлөт.

Министр Кудайберген Базарбаев Япония Кыргызстандан адистерди тартууга кызыкдар экенин билдирди.

"Министрлик биздин жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруунун үстүндө иштеп жатат. Ал социалдык пакетке, татыктуу эмгек акы алууга кепилдик берет. Бүгүн биз Улуу Британияга, Түштүк Кореяга жумушка жөнөтүп жатабыз. Азыркы тизме менен эле чектелбей, мындан ары бул багыттагы ишти жаңы деңгээлге чыгарууга белсенип жатабыз", — деди Базарбаев.

Ошондой эле ал министрликтин линиясы менен жумушка жөнөтүлүп жаткан жарандар барган өлкөсүнүн тилин, мыйзамдарын билиши жана мамлекет тарабынан корголушу керектигин белгиледи.

Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Ернест
Толук маалымат кайдан алсак болот
Болот
Жумушка баруу
Дайырбек уулу Жакшылык
Кандай барса болот