Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча макулдашышты

25.03.2021 14:58
642
Кыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча макулдашышты

Кыргызстан жана Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча макулдашышты, - деп билдирет КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы.


“Токтогул суу сактагычына сууну топтоо жана 2021-2023-жылдар аралыгында Өзбекстандын айыл чарбасын сугат суу менен камсыздоо максатында 1 кВт/саат үчүн шарттуу баада 750 млн кВт/саатка чейин көлөмдө электр энергиясын өз ара жеткирүү жөнүндө макулдашууга жетишилди”,-деп айтылат маалыматты.

Ошентип, Өзбекстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү 2021-жылы марттан октябрга чейин жана 2022-жылы март-апрель айларында ишке ашырылат, андан кийин 2021-2023-жылдардын июнь айынан августуна чейинки мезгилде Өзбекстанга электр энергиясынын ушул көлөмү кайтарылып берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн