Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте Ravon үлгүсүндөгү унааны чыгарат

27.01.2023 16:33
239
Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте Ravon үлгүсүндөгү унааны чыгарат

Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда автоунаа жана коммерциялык техникаларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташууга келишим түзүлдү.


Документке Кыргызстандын министрлер кабинети жана Өзбекстандын өкмөтү тарабынан кол коюлду.


КРнын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясаовдун айтымында, бул келишимде Бишкекке жакын жерде Ravon үлгүсүндөгү унаасын чогултууну ишке ашырууну каралган. Биргелешкен кыргыз-өзбек ишканасы Чүй облусунун Москва районунун аймагында ачылат.


Баясов ишкананын ишмердүүлүгү “УзАвтоСаноат” жана ата мекендик “ДТ Техник” жана “НУР” компаниялары тарабынан ишке ашырыларын белгиледи.


“Бул долбоор боюнча алгачкы меморандумга 2017-жылы кол коюлган. Ошол жылдан бери бир топ сүйлөшүүлөр жүрүп, талаштуу маселелер чечилди”, - деди ал.


Эскерте кетсек, аталган меморандумга ылайык, ISUZU автобустарды жана RAVON маркасындагы жеңил унааларды 2018-жылдын аягында чыгаруу пландалган. 2017-жылы декабрда Бишкекте RAVON R2, RAVON NEXIA R3, RAVON R4 и также RAVON GENTRA унааларынын бет ачары жана тест-драйвы өткөн. Бул унааларды Кыргызстанда чыгаруу пландалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн