Кыргызстанда “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Аталган мекеме санариптик технологияларды колдонуу менен документтерди алуу процессин жөнөкөйлөтүп, заманбап шарттарды түзүүнү көздөйт.
Мындан сырткары:
- Аймактарда жана шаарларда жаңы тейлөө борборлорунун курулушу башталат;
- Мурдагы тейлөө жайларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт;
- Калк үчүн ыкчам, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кызматтардын спектри кеңейтилет.
“Бул иш-чаралар сиздердин күнүмдүк жашооңуздарды жеңилдетүү жана мамлекеттик кызматтарга болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн багытталган. Жакын арада жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кеңири маалымат менен бөлүшөбүз”, - деди Туманбаев.
Эске салсак, аз убакыт мурда Калкты тейлөө борборлору президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн