Теке 04, 2025
Убакыт: 23:21
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Кыргызстанда абанын температурасы +40°ка чейин жетиши күтүлүүдө

25.06.2022 14:09
664
Кыргызстанда абанын температурасы +40°ка чейин жетиши күтүлүүдө


Кыргызстандын аймагында 26-30-июндарда аба ырайы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +38…40°ка чейин жогорулашы мүмкүн.

"Урматтуу жарандар, абанын температурасы абдан ысыган учурда көлөкөдө болуңуздар. Өзгөчө улуу муундагылар, жаш балдар жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар салкын жайда болуусу зарыл!", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн