Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда эмне үчүн "эшек" бизнеси токтобойт?

23.11.2020 12:59
691
Кыргызстанда эмне үчүн "эшек" бизнеси токтобойт?


Кара-Суу районунун Мады айылында "эшек" бизнеси дагы деле токтой элек.  Мады айылынын тургундары нааразы болуп, ферманын жабылышын талап кылышты.


Айыл тургундарынын айтымында, эшектер Кытайга кетет деген менен Кыргызстандын эле кафелеринде союлушу мүмкүн деген жүйөөнү келтиришүүдө. 


"Биз 2-3 жылдан бери эле айтып келе жатабыз. Укпай келишет. Кыргызстандан сойбойбуз, Кытайга кетет баары деген жооп айтышат. Бирок бул туура эмес. Кыргызстандагы эле кафе, ашканаларга деле эти кетип жатышы мүмкүн",- дейт айыл тургуну.


Ал эми ишкананын кызматкери бул айыптарды четке кагып, эшектер Кытайгы сатыларын айтты. 


"Биздики бул жерде баары расмий, таза. Бардык багылган эшектер Кытайга кетет. Бул  жактан союлат экен же эти Кыргызстанда сатылат экен деген маалыматтар жалган", -дейт жумушчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн