Жалган курандын 26, 2025
Убакыт: 03:20
USD
86.50
87.00
EUR
93.20
94.20
RUB
1.000
1.060

Кыргызстанда кундуз таптакыр жок болуп кеткени айтылды

07.02.2025 09:15
221
Кыргызстанда кундуз таптакыр жок болуп кеткени айтылды


"Илбирс" фонду Кыргызстанда кундуз таптакыр жок болуп кеткенин билдирди.


Маалыматка ылайык, изилдөөчүлөр 2005-жылы Чоң-Алайдын Чак айылына болгон сапарында кундуздун изин көргөн.


Ошондой эле кундуз суу таза экенин жана анда экологиялык көйгөй жок экенин көрсөткөн индикатор экени айтылган.


"Кундуздун жеми болгон балыктарды өтө азайтып, кундуздун өзүн капканга кармап, сууларын бөгөп, суу боюндагы токойлорду кыркып, акыры кундузду жоготуп отуруп калдык. Кундуздун ордуна СССР убагында сырттан алып келинген Американын норкасы тарап, ал тоокканабызга чейин кирип зыян келтирип, эми жогото албай отурабыз. Сырттан алып келинген балыктар суудагы жергиликтүү балыктарга жаңы ооруларды таратып, жергиликтүү балыктардын санын азайтты", — деп айтылат маалыматта.


Фонд туран жолборсу, кызыл карышкыр, жейрен, эми барып өлкөдө кундуз жок болгонун белгиледи.


Маалыматты Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен тастыкташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн