Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 06:47
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстанда шашылыш түрдө 3 миң жаран аскердик кызматка чакырылууда

17.09.2021 10:55
5413
Кыргызстанда шашылыш түрдө 3 миң жаран аскердик кызматка чакырылууда

Кыргызстанда 18-августтан тартып жарандарды шашылыш аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу башталды. Бул тууралуу  КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы уюштуруу жана мобилизациялык башкармалыгынын аскерге чакыруу башкармалыгынын башчысы, полковник Канатбек Шамыров билдирди.


Анын айтымында, 18 жаштан 25 жашка чейинки аскерге чакыруу мөөнөтүнүн кийинкиге калтыруу же аскердик кызматтан бошотуу укугу жок бардык жарандар чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келиши керек.

“2021-жылдын күзгү чакыруусунда 3 миңден ашык адамды шашылыш аскер кызматына жана 10 миңден ашык адамды альтернаивдик кызматка чакыруу пландалууда. Биринчи кезекте аскерге чакыруу курагынан өткөн жаштар чакырылат, башкача айтканда алар 20 жаштан жогору жогорку окуу жайды, орто техникалык жана КР Куралдуу күчтөрүнө керектүү түрдүү адистиктер боюнча бүтүргөндөр”, - деди ал.

Эскерте кетсек, аскерге чакыруу 30-ноябрга чейин уланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн