Теке 15, 2025
Убакыт: 21:38
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Кыргызстанда жыл башынан бери керектөө баалары 4 пайызга өстү

15.07.2025 14:26
23
Кыргызстанда жыл башынан бери керектөө баалары 4 пайызга өстү


Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 4,0 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Кудайберген Базарбаев брифингде билдирди.


Анын айтымында, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 6,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына – 3,4 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 2,2 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери - 1,3 пайызга жогорулаган.


Ал белгилегендей, ушул жылдын январь-июнунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды.


"Муну менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (4,9 пайыз) Чүй облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баанын (6,5 пайызга) кымбатташы менен шартталды. Ал эми алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына болгон баанын жогорку өсүшү (7,1 пайыз) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (3,5 пайыз) Ысык-Көл облусунда жана калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер боюнча (4,7 пайыз) Нарын облусунда катталган", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн