Тогуздун айы 23, 2025
Убакыт: 22:42
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.065
1.105

Кыргызстандык аскер кызматкерлери Анкарада эл аралык машыгууга катышты

07.07.2025 11:21
127
Кыргызстандык аскер кызматкерлери Анкарада эл аралык машыгууга катышты


Түркиянын Анкара шаарында 23-июндан 3-июлга чейин Түштүк батыш оперативдик командачылыгынын чалгындоо бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери эл аралык "Анатолия-2025" атайын багыттагы күчтөрдүн машыгуусуна катышты.


Коргоо министрлигинен билдиришкендей, бул көп улуттуу машыгууга катышуунун максаты өз ара байланышты өнүктүрүү, биргелешкен операцияларды жүргүзүү жөндөмүн жогорулатуу жана өнөктөш мамлекеттер менен аскердик кызматташууну бекемдөө болуп саналат.


"Биздин аскерлер реалдуу жагдайдагы сценарийлер жана биргелешкен интенсивдүү машыгуулар аркылуу кризистик кырдаалдарга жооп кайтаруу, тынчтыкты сактоо операциялары жана заманбап атайын багыттагы күчтөрдүн ыкмалары боюнча тажрыйба алышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн