Жетинин айы 11, 2024
Убакыт: 23:28
USD
86.05
86.55
EUR
92.00
93.00
RUB
0.870
0.910

Кыргызстандык режиссер Москвада өткөн эл аралык кинофестивалда жеңүүчү аталды

24.10.2024 11:46
685
Кыргызстандык режиссер Москвада өткөн эл аралык кинофестивалда жеңүүчү аталды


Кыргызстандык режиссер Бермет Бейшенбекова 17-21-октябрда Москвада өткөн "Евразия-Кинофест" биринчи эл аралык кинофестивалында "Терең" тасмасы үчүн "Мыкты жаш режиссер" сыйлыгын алды. Бул тууралуу “Евразия-Кинофест” фестивалынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган кинофестивалга Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Кытай, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу 18 өлкөнүн кинорежиссерлору жана башка өлкөлөрдөн 250дөн ашык кино тармагынын адистери катышкан.

Кыргызстандык режиссерлор Бермет Бейшенбекова "Терең", Руслан Акун "Бейиш эненин таманында", Нурлан Анарбаев "Рахмат, машыктыруучу", Никита Ловецкий "Галина Петровна", Адилет Каржоев "Бурул", Асел Жураева "Асман баласы" тасмасы менен катышты.

Фестивалдын сынактык программасына 53 тасма кирген. Аларга Еревандагы эл аралык кыска метраждуу кинофестивалдын режиссеру Гуж Тадевосян, Россиянын эл артисти Елена Цыплакова, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Рустам Сагдуллаев жана башка кино тармагындагы белгилүү ишмерлер кирген эл аралык калыстар тобу баа берди.

Жеңүүчүлөргө кинофестивалдын баш байгеси – континенттин өлкөлөрүндө жашаган адамдардын ортосундагы маданий тажрыйба алмашуусун символдоштурган Евразия фигурасы ыйгарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн