Теке 21, 2025
Убакыт: 20:18
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.105
1.130

Кыргызстандык снайперлер Кытайда өткөн мелдеште алдыңкы орундарды ээледи

21.07.2025 12:56
25
Кыргызстандык снайперлер Кытайда өткөн мелдеште алдыңкы орундарды ээледи


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын "Калкан" атайын багыттагы командасы Sharp Blade-2025 снайперлеринин эл аралык мелдешине ийгиликтүү катышты.


Атайын кызматтан билдиришкендей, мелдеш 15-июлдан 18-июлга чейин Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы Элдик куралдуу полиция күчтөрүнүн машыгуу базасында өттү.


Мелдешке 25тен ашуун өлкөдөн 55тен ашуун снайпердик команда катышты.


Сынак төрт категория боюнча 12 дисциплинаны камтыды:


  • негизги жогорку тактыктагы снайпердик атуу;
  • типтүү тактикалык кырдаалдарда ок атуу;
  • комплекстүү күжүрмөн атуу;
  • алыскы аралыктан атуу.


Татаал күрөштүн жыйынтыгында "Калкан" атайын багыттагы отряды өлкө намысын татыктуу коргоп, жалпы командалык эсепте 3-орунду, жуптук эсепте 2-орунду ээледи.


Ошондой эле команданын катышуучуларынын биринин жеке ийгилиги өзгөчө сыймыктанууну жаратат: 9-кызматтын снайпери Кыргызстандын атайын күчтөрүнүн кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээлин тастыктоо менен жеке биринчиликте биринчи орунду ээледи.


"Ушундай абройлуу эл аралык мелдештерге катышуу жана жетишкендиктер Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн чыңдоого, күжүрмөн чеберчиликти өнүктүрүүгө жана дос мамлекеттердин атайын күчтөрүнүн өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн