Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандын карызы 5 млрдга жакындады

10.08.2021 12:09
1113
Кыргызстандын карызы 5 млрдга жакындады

2021-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын (тышкы+ички) көлөмү 4 млрд 920 миң 98 миң долларды (416 629,99 млн сомду) түздү.

Экономика жана финансы министрлиги билдиргендей, анын ичинен:

- 84,5%ын мамлекеттик тышкы карыз түзөт: 4 159,47 млн доллар (352 147,11 млн сом);

- 15,5%ын мамлекеттик ички карыз түзөт: 761,51 млн доллар (64 472,88 млн сом).

2021-жылы январь-июль айларында Кыргызстандын республикалык бюджетинен мамлекеттик карызды (тышкы+ички) төлөөгө 21 млрд 790,9 млн сом каралды, анын ичинен:

- мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө – 11 204,8 млн сом;

- мамлекеттик ички карызды төлөөгө – 10 586,1 млн сом багытталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн