Кулжа 02, 2024
Убакыт: 05:14
USD
87.60
88.50
EUR
94.60
95.60
RUB
0.960
0.980

Кийинки айдан Бишкек-Кувейт жаңы каттамы ачылат

16.01.2021 15:15
1015
Кийинки айдан Бишкек-Кувейт жаңы каттамы ачылат

Транспорт жана жолдор министрлигинде министрдин орун басары Талантбек Солтобаев менен "Jazeera Airways" авиакомпаниясынын кирешелерди башкаруу жана тармактык пландаштыруу боюнча вице-президенти Ратанкумар Ратнакардын ортосунда аба каттамдарын ачуу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, жолугушууга Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин кеңешчиси Абдулазиз Ботбаев, Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору С.Шаршеев, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары К.Кенжематова, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын жана "Манас" эл аралык аэропортунун өкүлдөрү катышты.

Транспорт министринин орун басары Солтобаев министрлик авиакомпаниянын Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамды жандандыруу жана Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамды ачуу демилгесин колдой тургандыгын белгиледи.

Өз кезегинде "Jazeera Airways" авиакомпаниясынын вице-президенти Ратанкумар Ратнакар авиакомпания 2021-жылдын 2-февралынан баштап Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча каттамды калыбына келтирүүнү жана 4-февралдан баштап Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча жаңы эл аралык каттам ачууну пландап жаткандыгын белгиледи.

Кыргызстандын Кувейт мамлекетиндеги элчилигинин кеңешчиси Абдулазиз Ботбаев Бишкек жана Ош шаарларынан аба каттамдарынын ачылышы Кувейттин жана Перс булуңундагы бардык өлкөлөргө кыргыз өнүмдөрүн экспорттоону камсыз кылууга жана Араб өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген туристтик агымды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп белгиледи.


Жыйынтыгында тараптар аба каттамдарынын ачылышы туризмдин өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын кеңейишине түрткү берерин белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн