Кулжа 14, 2025
Убакыт: 12:41
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Кызыл китепке кирген жаныбарды кармаган жаранга айып салынды

13.06.2025 17:20
30
Кызыл китепке кирген жаныбарды кармаган жаранга айып салынды


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы интернет булактарында тараган видео материалга байланыштуу ыкчам чараларды көрдү. 


Ведомстводон билдиришкендей, видеодо КРнын Кызыл китебине кирген жапайы жаныбар — бутсуз кескелдирик (желтопузик) жаран тарабынан кармалганы көрсөтүлгөн.


Бул факт боюнча башкармалык тиешелүү жаран менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, административдик айып салды. 


Ал эми жаран жаныбарга зыян келтирбегенин жана аны кайра жаратылышка кое бергенин тастыктап, жазуу түрүндө түшүнүк кат жазган.


"Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жапайы жаныбарларды, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген түрлөрүн кармоо, алып жүрүү же аларга зыян келтирүү мыйзам бузуу болуп эсептелерин эскертет. Мындай учурлар кайталанбашы үчүн коомчулукту жаратылышка кылдат мамиле кылууга чакырабыз",-деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн