Теке 27, 2024
Убакыт: 11:13
USD
EUR
RUB

Коргоо министрлигинде Куралдуу күчтөрдүн ардагери Анвар Сартаевдин кармалышы боюнча маалымат барбы?, - депутат

21.02.2024 12:50
217
Коргоо министрлигинде Куралдуу күчтөрдүн ардагери Анвар Сартаевдин кармалышы боюнча маалымат барбы?, - депутат


Коргоо министрлигинде Куралдуу күчтөрдүн ардагери Анвар Сартаевдин кармалышы боюнча маалымат барбы, деп сурады депутат Нилуфар Алимжанова Жогорку Кеңештин 21-февралдагы жыйынында коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаевден.


Анын айтымында, ал аскер кызматкерлеринин укугун коргогону менен белгилүү.


«Менде азыр маалымат жок. Мен тактап, айтып берем. Тергөө иштерин укук коргоо органдары жүргүзүп жатат», - деп жооп берди Тердикбаев.


«Анын ишине көңүл буруп, ага мүнөздөмө бергиле», - деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн