Бугу 17, 2024
Убакыт: 07:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Коронавирус адам баласын адамча жашоого кайтарууда

23.03.2020 10:47
771
Коронавирус адам баласын адамча жашоого кайтарууда


Дүйнө мамлекеттери көзгө көрүнбөгөн жоо менен кармашууда – коронавирус деген. Кытайдын Ухань шаарынан тараган бул илдет учурда дүйнөнүн 170тен ашуун мамлекетине жайылды. Акыркы маалыматтар боюнча бул дартка чалдыккандардын саны 307 миң кишиден ашты. 13 миңден ашуун адам жарыкчылык дүйнө менен кош айтышты. 93 миңдей адам айыгып чыкканы айтылды. 


Бул илдет чындыгында дүйнө мамлекеттерине, дүйнө элине күтүүсүздөн, тымызын кол салган жоо сыяктуу болду. Экономикасы күчтүү, дүйнөгө өз таасирин артып, үстөмдүгүн көрсөткүсү келген Америка Кошмо Штаттарында да коронавирус кеңири жайылды. Ооруган адамдардын саны боюнча АКШ Италия жана Кытайдан кийинки үчүнчү орунда болууда. Америкада жалпысынан 27 миң адамга бул оору жукса, анын 340тайы каза болгону айтылды. 


Кытайдын өзүндө бул ооруга жаңыдан чалдыккандар дээрлик токтоду. Ал эми Италияда улам саны өсүүдө. Каза болгондор да арбын. Айтор, бул илдет үнсүз-сөзсүз эле дүйнө элине согуш ачты. Танкасы, атомдук бомбасы жок эле дүйнө мамлекеттерин чөгөлөттү. Буга Италия өкмөтү аргасы куруп калганын ачык мойнуна алганы мисал. 


Баягы шашылып өтүп бараткан күндөр мелтиреген деңиз сыяктуу жай өткөнсүп калды. Эртеден кечке жумуш деп жүрүп, үйүн, бала-чакасынын кантип чоңоюп жатканын байкабай бараткан адамдар эсине келди. Дасторкон четинде үй-бүлө толугу менен отуруп, шашпай сүйлөшүп, шашпай тамактанышып баштады. 


Байлык да, бийлик да түбөлүк эмес экенин эске алдык. Жалган дүйнөдө байлык топтоп, мансап күтүү аракети менен убакытты өткөрбөй, адамча жашап өтүү маанилүү экени да аздыр-көптүр адам баласынын акыл-туюмуна келе баштады. 


Баары эле акылдуу болуп, баары эле башкаргысы келип калган доорду коронавирус аркылуу Кудай өзү эсине келтирип жаткан сыяктуу. 


АКШ триллиондоп, башка мамлекеттер миллиарддап (доллар менен) коронавируска каршы каражат сарптоодо. Демек, ушул акча каражаттары балким таасир талашуу багытында сарпталып, үчүнчү дүйнөлүк согушка алып барышы мүмкүн эле. Анда жер бетинде кан суудай агылып, согуш оту алоолонот болчу. Ири державалардын ортосундагы таасир талашуу, бири-бирин кайсы бир аракеттер үчүн олуттуу айыптоолору ошол нукка бараткан эле. Коронавирус ошол “шишикти” жарып, ашыкча дем-күч берип жаткан миллиарддарды минтип үн-сөзү жок жок кылууда. 


Адам баласын бул апааттан сактоосун жаратуучу Кудайдан тиленебиз. Ошол эле убакта адам баласы да адамча жашоодон өтө эле алыстап кеткенин эсине алып, ушул илдеттин арты менен кайра адамча жашоо нугуна түшүп баратканын белгилеп коелу.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн