Жетинин айы 02, 2025
Убакыт: 16:05
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.075
1.110

Коронавирус аныкталган өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн абалы кандай?

13.07.2020 13:05
1139
Коронавирус аныкталган өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн абалы кандай?


Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедовдун абалы туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков 13-июлдагы брифингде билдирди. 


Ага облустун тургуну: "Облус жетекчисинин уюштуруу иштеринин натыйжасында абал тынчып, турукташып калган эле. Ал кишинин ооруп жатканы айтылган. Учурда анын абалы кандай?" деген суроо узатты. 


Өз кезегинде Ырысбек Ызабеков: "Учурда Нурболот Мирзахмедов убактылуу изоляцияда. Бирок, обочолонуп иштеп жатат. Биз онлайн режимде кеңешип жатабыз", - деди ал. 


Буга чейин Нурболот Мирзахмедовдон коронавирус илдети аныкталганы маалымдалган. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн