Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавируска шектелген Дональд Трамп анализ тапшырган жок

10.03.2020 15:29
921
Коронавируска шектелген Дональд Трамп анализ тапшырган жок

АКШнын президентти Дональд Трампта коронавирустун белгилери жок.  Бул тууралуу анын  администрациясы билдирүү таратты.


Буга чейин, Америка кошмо штаттарынын президентти  Дональд Трамп АКШнын конгрессмендери Мэтц Гейтц жана Даг Коллиниз менен баарлашканы айтылган. Ал эми, аталган эки эл өкүлү февраль айынын соңундагы консерваторлордун жыйынында коронавируска чалдыккандар менен баарлашканын айтышкан. Кийин өз каалоолору менен 14 күндүк карантинге кетишкен. 


Гейтц президент Трамп менен бир учакта учса, Коллиниз өлкө башчы менен кол кармашып учурашып маектешкен. 


Бирок АКШ Президенттинин администрациясы Трамп текшерүүдөн өтпөгөндүгүн, аны жеке дарыгери көзөмөлдөп жатканын кабарлады. 


“Президент коронавируска каршы тесттен өткөн жок. Себеби ал ооругандардын эч бири менен узун убакытка баарлашкан жок. Андан вирустун эч кандай белгилери байкалбады. Анын саламаттыгына жеке дарыгери көз салып жатат”, - деп айтылат Трамптын администрациясы тараткан маалыматта.


Эске салсак, коронавирус илдети менен ооругандардын саны АКШда 624 кишиге жетти. Алардын жыйырма экиси көз жумуп, он беши бул дарттан айыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн