Бугу 01, 2024
Убакыт: 21:29
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Коронавирустун жаңы учуру көп катталган Түркия болсо, өлүм көп катталган АКШ болууда

21.04.2020 08:48
1186
Коронавирустун жаңы учуру көп катталган Түркия болсо, өлүм көп катталган АКШ болууда


Дүйнөдө Түркия коронавирус боюнча жаңы учурлар эң көп катталган өлкө болуп калды.


Бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожо жалпы 86,3 миң кишиге диагноз коюлганын билдирди. Жекшембиде Түркияда жаңы 3977 учур катталды.


Түркияда алгачкы учур 10-мартта катталган эле. Ошондон бери өлкө инфекциянын тарашы боюнча алдыңкы жети өлкөнүн бири болуп калды. Өлкө боюнча 634 миң кишиден коронавирус анализ алынган.


Ал эми АКШ өлүм-житим эң көп катталган өлкө болуп саналууда. Соңку маалыматтар боюнча Covid-19 вирусунан көз жумгандар 40 миңге жетти.


Ооруканага кабылган бейтаптардын саны боюнча АКШ, анын ичинде Нью-Йорк штаты оор жагдайга кабылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн