Аяк оона 22, 2025
Убакыт: 17:30
USD
87.30
87.80
EUR
102.10
103.10
RUB
1.040
1.075

Коррупция фактысы боюнча подряддык уюмдун директору кармалды

22.09.2025 15:29
12
Коррупция фактысы боюнча подряддык уюмдун директору кармалды


Коррупция фактысы боюнча подряддык уюмдун директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Кара-Балта шаарындагы парктарды көрктөндүрүүгө, ошондой эле суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын оңдоого бөлүнгөн 1 млрд сомдун өздөштүрүлүүсү боюнча текшерүү жүргүзүлүп, натыйжасында иш аткаруучу "Г.Т.И." ЖЧКнын башкы директору А.Н.А. тарабынан аткарылган жумуштардын жана курулуш-монтаждоо иштеринин бааларын жалпы көлөмү 27,2 млн сомго жасалма негизде жогорулаткандыгы аныкталды.


Аталган ишкананын жетекчиси А.Н.А.га карата "Коррупция" беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


УКМК мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууда мыйзамдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иштерди улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн