Криминал кайрадан баш көтөрүүгө ниеттенүүдө, андайга жол берилбейт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ Ошто өткөргөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, атайын кызматта бандиттер өз убактысын күтүп жатканы боюнча маалыматтар бар.
"Коопсуздук кызматында бандиттер кылмыштуу жашоодон баш тартымыш болуп, бирок кайрадан баш көтөрүүгө ниет кылып жаткандары боюнча маалыматтар бар. Буга жол бербейбиз, алардын доору кайтып келбейт. Бандиттер мурдагыдай өлкөнү башкарбайт. Биздин мамлекет эркин, мыйзамдуу, демократиялуу болот. Биз мыйзам чегинде катуу жооп кайтарабыз. Биздеги тартиптер жакпаса өлкөдөн чыгып кетишсин, айтып койгула ошолорго", — деди УКМКнын төрагасы.
Ошондой эле ал буга чейин Ош менен Чолпон-Ата өлкөдөгү эң криминалдуу шаарлар болгонун, ал жактарда уюшкан кылмыштуу топтордун көпчүлүгү жайгашканын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн